Авиакырсык болгон жерде издөө иштери жыйынтыкталды

Боинг 747 учагы кыйраган жерде издөө иштери токтоду. Бул тууралуу авиакырсыктын себептерин изилдөөчү өкмөттүн комиссиясынын жыйынында белгилүү болду.

Жыйын каза болгондорду эскерүү менен башталды. Эскерте кетсек, учак 16-январда саат 07:17де Чүй облусунун Сокулук районундагы Курулуш башкармалыгынын дачалары айылына кулаган. Кырсык болгон аймак 5,4 гектарга барабар. Каргашалуу окуяда 34 жергиликтүү тургун, 4 экипаж мүчөсү каза болсо, 19 үй түп орду менен жок болуп, 7 үй, 12 чарба курулушу бузулган. Президент менен өкмөт тараптан каза болгондордун жакындарына 100 миң, 70 миң сом өлчөмдө акчалай жардам көрсөтүлдү. Ошондой эле каза болгондордун сөөгүн кичи мекендерине жеткирүү боюнча тиешелүү иштер аткарылып, алардын жакындары убактылуу "Семетей" мейманканасына жайгаштырылышкан.

Жыйында биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев материалдык жана гуманитардык жардам көрсөткөн жарандарга жана жеке ишкерлерге ыраазычылык билдирди. Кырсыктын себептерин иликтөө максатында Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин өкүлдөрү 17-январда келишкен. Боинг 747 учагынын табылган 2 "кара кутусу" Москвага 19-январда жөнөтүлдү. Иликтөө иштеринин жүрүшү тууралуу кабарланып турары маалым болду. Авиациялык комитеттин ишинин жыйынтыгында кырсыкка күнөөлүү жактар аныкталат.

Кырсык болгон жердеги кесепеттерди жоюу Авиациялык комитеттин иши бүткөн соң жүргүзүлөрү айтылып, азырынча айылды сүрдүрүү тууралуу маселе карала электиги кошумчаланды. Жардам үчүн ачылган эсепке 11 миллион сомго жакын акча чогулганы белгилүү болду. Ал жардам ар бир жабыр тарткан жаранга акыйкаттык менен бөлүнөрүн айтты биринчи вице-премьер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан