Орусияда жол кырсыгынан каза болгон Кыргыз жарандарынын сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди

Орусиянын Саратов облусунда жол кырсыгынан каза болгон 4 Кыргыз жаранынын сөөгү кечээ, 19-январда туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, маркумдардын сөөгү 19-январда Кара-Балта шаарына алынып келинди.

Эске салсак, 15-январда Орусиянын Саратов облусунда жол кырсыгы катталып, 4 Кыргыз жараны каза тапкан. Алардын сөөгү 16-январда Кыргыз диаспорасы жана маркумдардын туугандары тарабынан жүктөлүп, Кыргыз Республикасына жөнөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rozka
2017-01-20 18:55:35
Жаткан жерлери жайлуу болсун . Аллахым куноолорун кечирсин. Ата энелерине , Бир туугандарына Сабыр !
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан