Бишкекте "Аэродром аймагындагы курулуш" аттуу жыйын артка жылдырылды

Бишкекте 19-январга пландалган "Аэродром аймагындагы курулуш: көйгөйлөр жана координация" деген темадагы тегерек стол болбой калды. Жарандык авиация агенттиги муну SUPER.KG порталына 16-январдагы учак кырсыгы менен түшүндүрүп, "тийиштүү адамдар бошобой жатышат" деп билдирди. Жыйын февраль айында өтүшү мүмкүн.

Белгилей кетсек, мындай жыйын өтөрүн агенттик 18-январда жарыялап (авиакырсыктан 2 күн өткөндөн кийин), иш-чаранын учак кырсыгына эч кандай тиешеси жоктугун, бул темада тегерек стол уюштуруу планы мурда эле болгонун айтып маалымат тараткан эле. Жай турмушта өтпөгөн жыйынды учак кырсыгы болуп, жооптуулар окуяны иликтөө иши менен жүргөн учурда өткөрүү аракети суроо жаратты. Боинг кырсыгы болбогондо агенттик мындай жыйын өткөрүүнү демилгелейт беле, жокпу, бүдөмүк. Бүгүнкү күндө "Манас" аэропортуна жакын жердеги Курулуш башкармалыгынын дачалары конушунда элдин жашоо кечириши мыйзамдуубу же жол берилбеши керек беле деген суроо кабыргасынан коюлууда.

Эскерте кетсек, 16-январда таңга маал "Манас" аэропортуна жакын жерге Боинг 747 учагы кулаган. Жүк ташуучу учак үйлөрдүн үстүнө түшүп, 38 адамдын өмүрүн алды. Кырсыкты Мамлекеттер аралык авиация комитети иликтеп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
u.n.m
2017-01-20 23:44:33
Жерди мыйзамсыз басып алуу дененди дагы уйротушту элге
0
Kroxa
2017-01-22 04:03:31
Ал жерге дача салганга берилген жер дештиго мыйзамдуу эле го...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан