2016-жылы балдарга карата 110 сексуалдык мүнөздөгү кылмыш катталган. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда өткөн тегерек столдо Башкы тергөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурлан Утемисов билдирди.
Анын айтымында, 86 иш сотко жөнөтүлүп, 6 иш жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тарткан.
“ИИМ Кылмыш-жаза кодексине толуктоолорду киргизүүнү сунуштайт. Анда "жаш балдарга көрсөтүлгөн зордуктоо иши арыздан кийин гана козголушу керек" деген норманы алып салуу керек. Биз мындай толуктоо киргизүүнү актуалдуу деп эсептейбиз. Иш жүзүндө арыз жазган адам жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тарткан учурлар көп кездешет. Мындай учур бизге кыйынчылык туудурат. Иликтөөнү жүргүзүү үчүн арыз керек болот. Ошондуктан аталган кодекске толуктоо киргизүү зарыл”, - дейт ал.