Мындан 27 жыл мурун, 1990-жылы 20-январда 40 миңге жакын Советтик Армиянын аскерлери Азербайжандагы элдик фронтту талкалап, Коммунисттик партиянын бийлигин сактап калуу, оппозициячылардын кыймылын токтотуу максатында Баку шаарына чабуул жасашкан. Аскерлердин өлкөнүн аймагына кириши Азербайжандын Жогорку Кеңешинин Президиумунун макулдугусуз, СССРдин жана Азербайжан Советтик Социалисттик Республикасынын мыйзамдарынын бузулушу менен ишке ашкан. Мындан улам жергиликтүү тургундар улуттук ар-намыс, адилеттүүлүк үчүн каршылык акциясын уюштурушуп, 100дөн ашуун адам курман болгон. Бул окуя тарыхта "кара январь" деген атка конгон.
20-январь Азербайжанда Бүткүл элдик аза күтүү күнү деп белгиленген. Ал эми Баку метрополитенинин "11-Кызыл Армия" деп аталган станциясы окуяга байланыштуу "20-январь" деп өзгөрүлгөн. 2010-жылы Ясамаль районунда курман болгондордун урматына эстелик тургузулган.
20-январга карата жылнаама.