Авиакырсыктан жабыркагандарга жана каза болгондордун жакындарына чет өлкөдөн жардамдар келүүдө

16-январда болгон кырсыктан каза болгондордун жакындарына жана жабыр тарткандарга чет өлкөдөн да жардам чогултулуп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Гуля Алмамбетова казакстандык активисттер менен жолукканда билдирди.

Эскерте кетсек, Казакстандын Алматы шаарында "Мен алматылыкмын" бирикмесинин лидери Константин Авершин каргашалуу окуядан кийин кыргыз элине жардам берүү идеясын көтөрүп чыккан. Активисттер кечээ, 19-январда Бишкекке кырсык болгон аймакка чогултулган жардамы менен келишкен. Аларды Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Бишкек шаардык мэриясынын өкүлдөрү тосуп алып, көрсөтүлгөн жардам өз даректерине жеткирилерин убадалашкан.

"Биздин боордош казактарга алкыш айтабыз! Акыркы күндөрдөгү бул жакшынакай көрүнүш. Бул кырсык баарыбызды бириктирди, тууган эл экенибиз азыр билинип жатат. Жардамды эч ким эч жакка катпайт, уурдабайт, баарын өз даректерине жеткиребиз. Жамандыкта гана эмес, жакшылыкта да бирге бололу", - деген өз сөзүндө Алмамбетова. Ошондой эле ал учурда чет өлкөдөн да акчалай жардам көрсөтүлүп, чет элдиктер жабыркаган балдардын айрымдарын эс алууга чакырып жатышканын айтты.

"Биз, казакстандыктар жана алматылыктар, бул кайгыны тең бөлүшөбүз. Коңшулар жана туугандар бири-бирине жардам берүүсү керек. Ар дайым биз боордоштук колдоо көрсөтүүгө даяр экенибизди биле жүрүңүздөр", - деди Константин Авершин.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
momun74
2017-01-20 18:38:09
Аллахым ыраазы болсун!Элден айлансын экенда бир наны болсо ошону болушконгода даяр
+13
tursunbaev78
2017-01-20 20:24:42
Алла ыраазы болсун Казак туугандарга да рахмат!!!
+6
misster88
2017-01-20 20:40:10
Саламатсызбы супер инфонун жамаааты,сураныч Калмамат Анапияев жонундо жазгылачы.Силердин сонку кабарда да жок. Окмот или депутат кылалбаган ишти ушул патриот байкебиз кылып жатат. Авиа кырсыктан жетим калган эки балага 2 батир белек кылыптыр. Бул азыркы замандын эрдиги.
+6
maks83
2017-01-20 21:14:09
биздин АША каякта дайын жок го
+3
edu.kg.
2017-01-20 21:14:38
Казак туугандарга тереен ыраазычылык!!!! Кыргыз элинин кайгысына ортоктош болуп тен болушкону жакшы жоролго.
+2
ainura220888
2017-01-21 01:16:26
Калмамат Анапияев Жакшылыка квартира берем деп убада кылыптыр ошол кишиден сурап билгилечи сураныч супер.кжнин жамааты.
+1
Bubu88
2017-01-21 05:36:12
Кудай үчүн жаман ойдон арылгылачы президентибиз да жөн отурбай аракетин кылып аткандыр эмне эми келип колуна күрөк кармап учактын калдыктарын чукулап тазаласынбы ал деген бүтүндөй элди бир мамлекетти башкарып отурат жөн гана тапшырма берет козомолдойт
-1
Bubu88
2017-01-21 05:37:54
Казак элине ыраазычылык эч качан кырсык болбосун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан