Ош шаарында 28 жаштагы тургун унаа уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2016-жылдын 30-декабрында милиция кызматкерлерине Кара-Суу районунун 50 жаштагы А.Н. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал Дэу Матиз үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адам уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам издөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 28 жаштагы М.Ж. кармалган.