Америкада Дональд Трампка каршы "Аялдар жүрүшү" өтүп, ага дүйнөгө белгилүү жылдыздар катышты (фото)

Америкада президент Дональд Трампка каршы "Аялдар жүрүшү" болуп өттү. Акцияга 100 миңден ашуун адам катышып, алардын катарын дүйнөгө белгилүү атактуулар толукташкан. Уюштуруучулардын айтымында, акциянын максаты - коомчулуктун көңүлүн аялдардын көйгөйлөрүнө буруу. Себеби алардын пикиринде, Трамптын бийликке келиши менен аялдардын укуктары коркунучка туш болууда. Жүрүшкө чыккандардын арасында Мадонна, Шарлиз Терон, Натали Портман, Эмма Уотсон, Скарлетт Йохансон, Кристен Стюарт, Жулианна Мур, Хлоя Морец, Майли Сайрус, Эшли Жадд жана башкалар Америка шаарларынын көчөлөрүндө бир нече курч билдирүүлөрдү айтышкан.

Белгилүү ырчы Мадонна "Абдан ачуум келип турат. Жадакалса Ак үйдү жардырууну да ойлогом" деп, эл алдында сөгүнүп, коомдук адепке сыйбаган сөздөрдү айтууга жетишкен. Андыктан акцияны көрсөтүп жаткан телеканалдар бир нече жолу эфирдин үнүн өчүрүп салууга мажбур болушкан. Ал эми актриса Шарлиз Терон кесиптештеринин жалындуу сөздөрүн угуп, толкунданып ыйлап жиберген.

"Урматтуу президент, өзүңүздүн кызыңыз Иванка Трампты колдогондой, менин да кызымды колдоңуз. Себеби сиздин саясатыңыздын айынан ал алдыга жылган эмес, артка кеткен өлкөдө жашай баштайт", - деген Скарлетт Йохансон.

Мындай демонстрациялар Париж, Берлин, Эдинбург, Рим, Прага, Амстердам, Стокгольм, Афины, Копенгаген, Нью-Дели, Брюссель, Мехико, Барселона, Торонто, Мадрид, Женева жана Сидней шаарларында өткөнү маалымдалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
kuba.kq8705
2017-01-23 13:10:02
иштесинчи биринчи иштеп баштай элек эле адамды жамандай бербечи мадонна слыш
+17
tea23
2017-01-24 00:43:44
kuba.kq8705,мадоннага соз жок
0
leilekstan_1987
2017-01-23 13:15:38
Бул демострациянын башында Шайлоодо Трампка утулуп калган Х. Клинтон турат
+15
Seryi-Kardinal
2017-01-23 13:25:47
tuwton kiyin koldorunan b.. kelebi
+7
asil-08
2017-01-23 13:32:38
Бей кылык го мадонна
+6
tulpar90
2017-01-23 13:32:49
Сорос каржылап жатат.
+6
rukopashnik
2017-01-23 13:50:04
Трамп баарын бир комнатага камап алып .... кылыш керек экен да өзү
+9
nur_zhoni
2017-01-23 18:59:13
rukopashnik,бир комнатка камап эмне кылат
-1
zamir-bek
2017-01-23 16:44:25
Алла Пугачёваны очургон Жириновскийдей киши таап албайбы Трамп ажо.
+1
barsa30
2017-01-23 17:03:46
Хлоя.Эммага эмне жок деймда жакшы актрисалар..!
0
Deniza88
2017-01-23 22:25:02
Мадоннанын курткасы тема го )))))
+2
tea23
2017-01-24 00:44:59
Пропустила мен да бармакмын трамп учун эмес актрисаларды коруп келиш учун))
0
Nukeww
2017-01-24 01:11:36
Майли Сайрус ушубойбу ыЯ?
0
AKCAHAT
2017-01-24 14:16:55
Кийинки президент кок болот го . Карабай Барак , оранжевый трамп , кийинки президент когуш Элтон болбойбу )))).
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан