Ош шаарындагы Рыспай Абдыкадыров атындагы 195-үйдө көчөнүн аты жазылып, кыйшайып илинип турган эски тактайча алмаштырыла элек. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына бүгүн, 23-январда WhatsApp аркылуу билдирди.
"Бир жыл мурун деле ушундай абалда эле. Элдин баарына көрүнө турган жерде, шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан бул үйдө досум жашайт. Барган сайын ушул жазуу көзүмө уруна берет. Жакында эле бул көчөгө ысымы ыйгарылган залкар обончу, ырчы Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карата аны эскеришти, ошондо деле бул жазууну алмаштырып коюшса болмок. Менин боюм жетсе, аны жок дегенде түздөп коймокмун", - дейт окурман.
Эскерте кетсек, 2015-жылы окурман "Элдик кабар" рубрикасына аталган жол сапатсыз оңдолуп жатканын кабарлаган. Көп өтпөй №21-Жол тейлөө мекемесинин жетекчиси Абдыганы Турдукулов жолду оңдоо иштерине 19 миллион 900 миң сом жумшалганын айткан.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.