Президент Алмазбек Атамбаев "Административдик жоопкерчилик жөнүндө" кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзамга ылайык, коомдук жайларда сөгүнгөн, жарандарды мазактап, тийишкен, коомдук тартипти бузган адамдар 8 саатка коомдук иштерге тартылып, 1500 сом айып пул төлөөгө милдеттендирилет, же болбосо 5 суткага камакка алынат. Буга чейинки мыйзамда мындай майда бейбаштык кылган адамдарга 300 сом айып пул же 3 суткага камакка алуу чарасы каралган болчу.
Мындан тышкары, кабыл алынган мыйзам боюнча, эми көп батирлүү турак үйлөрдүн короолорунда мас абалында жүргөн жаран 8 саатка коомдук жумуштарга тартылып, ага 1000 сомго чейинки өлчөмүндө айып салынат.
Ошондой эле эгер жашы жете элек балдар коомдук жайларда мас абалында жүрүшсө, психотроптук заттарды колдонушса же спирт ичимдиктерин ичишсе, алардын ата-энелерине 1000-2000 сом айып пул салынат.
Айта кетсек, бул мыйзам долбоорунун демилгечилери - Жогорку Кеңештин депутаттары. Парламент аны 2016-жылдын 14-декабрында кабыл алган.