Бороондордун көпчүлүгү Түндүк Америкада катталат. Дал ушул континентте сүрөтчү Майк Олбински торнадо, бороон, чагылгандардын артынан кууп жүрүп сүрөткө тартат. Анын сүрөттөрүнөн жаратылыштын кооздугун жана кереметтүү күчүн көрүү мүмкүн.
Белгилей кетсек, эң узун чагылган Оклахомада 2007-жылы катталган. Анын узундугу 321 чакырымды түзгөн. Ал эми көпкө созулган чагылган Альпы тоолорунда катталып, 7,74 секундага уланган. Сүрөтчүнүн айтымында, чагылгандар да "кезигишет". Мисалы, Конго Республикасында 1 чарчы чакырымга жылына 158 чагылган туура келет.
Маалыматтарга ылайык, жыл сайын чагылгандан 24 миңдей адам каза болот жана 240 миңдейи ар кандай жаракаттарды алышат. Ошол эле маалда 6 миңдей адам каза болот деген да маалыматтар бар.