Үстүбүздөгү жылдын 4-февралында "Тогуз-Булак" тоо базасында "Кыргызстан - тоо лыжасы жана кышкы эс алуунун өлкөсү" аттуу туристтик фестиваль өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда маалымат жыйынында белгилүү болду.
Уюштуруучулардын бири Аскат Сеитбековдун айтымында, фестивалдын максаты - кышкы ички туризмди, спортту өнүктүрүү менен бирге калктын аярлуу катмарларына кайрымдуулук жардамын көрсөтүү.
"Бул фестиваль 2010-жылдан тарта өткөрүлүп келе жатат. Кыргыз өлкөсүндө кышкы спортту, кышкы туризмди өнүктүрүүгө жакшы шарттар бар. Андыктан мындай иш-чаралар аркылуу бул тармакты өнүктүрүүгө мүмкүн. Андан түшкөн каражаттар балдар үйлөрүнө жана башка жардамга муктаж коомдук уюмдарга жумшалат", - деп билдирди А.Сеитбеков.