Америкалык актёр Мел Гибсон 9 баланын атасы болду. 61 жаштагы Голливуд актёруна анын 26 жаштагы сүйүктүүсү Розалинд Росс уул төрөп берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта түгөйлөрдүн наристеси өткөн жумада Лос-Анжелес шаарындагы клиникалардын биринде төрөлгөнү айтылат. Ага Ларс Жерард деген ысым ыйгарылган.
Ларс сценарист Розалинд Росстун тун баласы болсо, Мел Гибсондун тогузунчу уулу. Анын биринчи никесинен 6 уул, 1 кызы жана орусиялык Оксана Григорьевадан 1 кызы бар.