МААК: "Манас" аэропортундагы кырсыкты иликтөө 6 айга чейин созулушу мүмкүн

Бүгүн, 24-январда Мамлекеттер аралык авиация комитети "Манас" аэропортуна жакын жердеги учак кырсыгы боюнча маалымат берди. Анда түзүлгөн комиссиянын төрагасы Леонид Каширский "кара кутудагы" жазылган маалыматтар алынып, жазууларды окуу боюнча иштер толук бүтө элек экенин айтты.

"Кырсык болгон жерден барометрдик жана борттук үн жаздыргычтар табылган. Барометрдик үн жаздыргыч катуу жабыркаган, бирок ага карабай андагы маалыматтар алынды. Маалыматтар көп болгондуктан азырынча аларды толук окуп бүтө элекпиз. Кырсыктын келип чыгуу себептерин иликтөө үчүн көп убакыт талап кылынат. Айрым учурларда 4 жылга чейин созулат. Ал эми "Манас" аэропортундагы кырсыкты иликтөө 6 айга чейин созулушу мүмкүн", - деди Каширский.

Айта кетсек, 16-январь күнү эртең менен Гонконгдон келе жаткан учак "Манас" аэропортуна конордо кырсыкка учурап, Аэрофлот дачалык тилкесине кулап түшкөн. Ал кырсык 35 жергиликтүү тургундун жана 4 экипаж мүчөсүнүн өмүрүн алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
azamat.k
2017-01-24 17:11:14
Кырсыктын келип чыгуу кесепети иликтенгенче президенттик сезон аяктайт.Анан жоо кеткен сон кылычынды ташка чап болот да.
+11
tulpar90
2017-01-24 17:14:26
Атамбаев күнөөлүү баарына. Мына эми көрдүңөр кимдин ким экенин. Дагы мактап жактайсыңар уялбай. Бул бийлик кан менен келген. Келгенден бери кан токтой элек.
+16
almazbei
2017-01-24 17:15:00
Жомок айтыптыр!!!
+5
mirkaa5182
2017-01-24 17:29:02
6 ай эмес, бир айда аныктап койсо болот го, бул жерде бир сыр бар да.
+9
kyrgyzstan00
2017-01-24 17:42:43
Эптеп элди алаксытуу болуп жатат да. Башка нерсени жон эле рекмалашат эле. Карапайым калкыма кыйын болду ортодо.
+5
kenjebek_a
2017-01-24 17:46:16
Дагы лапша илмей.Демек жук дагы бир бийликтегиники.
+3
МАЛЫШ
2017-01-24 18:26:26
Ак уйдо жалан ХХХ отурушат! Бири да баш которуп бир соз суйлошкон жок, хотя билишет ХХХ ким куноолу экенин! Жооок булар бирин ###### бири чукушпайт да. Анысы аз келгенсип чогулган акчага коздору тушуп жашырып атышабы суммасын! Мен билгенден бир гана Текебаевдин духу жетип атат.
+4
admin_portal
2017-01-25 10:04:30
МАЛЫШ, этика нормаларына туура келбеген сөздөрдү жазуудан алыс болуӊуз.
0
kamchatka
2017-01-24 18:35:12
Алты жылга чейин созулушуда мункун анткени аны азыр иликтеп коюш бираз уятыраак болуп жататда себебин билесинер!
+1
Alberttoo
2017-01-24 21:38:35
kamchatka, Алты жылдан кийин Авиа кырсык туралуу документтерди жоготуп койгондорун айтышса тан калбай эле койуш керек...
+2
ruslanz
2017-01-24 19:05:06
Айтпадым беле жакында чыкпайт деп, алты айдан кийин деле ачыкка чыкпайт. Бизде эле эмес, чет олкодо деле ушундай.
0
Seryi-Kardinal
2017-01-24 19:57:01
6 ай эмес 6 саатта окуп койсо болот да
+3
ayjan_90
2017-01-24 20:01:01
Учактагы товарлар АШАга тиешелуу бут баары билинип эле калдыго эгер Туркияга кетип жатканда товарлар телефондордогу кыргызча тушундурмолор туркторго эмне кызыгы бар Ким жооп бере алат жазгылачы
+3
kenjebek_a
2017-01-24 20:04:32
Бул бийлик келди элге жоопкерчилик менен мамиле жасабады.Ош окуясы,батыровтор жыргап журот,батухаев олбой эле уйлонду,Москвада кыздар каза болду.Акыркы авиакатастрофа,АША элден кабаралбады.Ойдодо жазгандай Кан менен келген,арты суук бийлик болду.Депутаттардын эч Эл менен ищи жок,каяша айтканына иш козгойт.Менимче Текебаев туура айтып жатат,анын башы экоо эмес.Кыскасы бийлик тоочосунон артына даарат ушата баштады.Мин НААЛАТ,ушул чондорго.Дагы алдагыла.Кайран элди.Акыретте жооп берер кун бар.
+1
Bolunbo.kyrgyz
2017-01-24 20:20:05
Эххх убагы келгенде мен да созсуз бийлике барам ошондо суйлошобуз элдин тагдыры менен ойногондорду бала чакасына чейин камап жок кылам шашпагыла.
0
karasuu
2017-01-24 20:33:54
Кыскача айтканда уктагыла экен да
0
bond02
2017-01-25 09:09:13
Биягы кыргызча болуптур да 6айда не бар не жок бутуптур да эми бул иш.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан