Сузак районунда түн ичинде сим-карта сатып жүргөн өспүрүмдөр кармалышты

Ош-Бишкек унаа жолунун боюндагы тамактануучу жайларда түн ичинде сим-карта сатып жүргөн жашы жете элек өспүрүмдөр кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кармалган балдар Жалал-Абад шаарындагы №2, №7 жана №34-орто мектептин окуучулары болушкан. Алардын эң кичүүсү 7-класстын окуучусу болуп чыкты. Аларга тиешелүү протокол түзүлүп, балдардын ата-энелерине эскертилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Кармалган балдар түнкү саат 22-23кө чейин иштеген күндөрү болгонун айтышкан.

Ошондой эле жашы жете элек өспүрүмдөрдү иштетип жаткан уюлдук компаниянын эки кызматкеринен да түшүнүк кат алынды. Компаниянын өкүлдөрүнүн айтымында, жаш балдарды ата-энелеринин уруксаты менен жумушка алышкан.

Мыйзамга ылайык, жашы жете элек балдарды ата-энесинин уруксаты менен гана иштетүүгө болот. Бирок оор жумуштарга жана түн ичинде иштөөгө уруксат берилбейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
almazbei
2017-01-25 10:45:03
Тим эле атактуу вор законду кармап алышкансып суроту менен жанылыка чыгарышыптыр да, эмне кылсын анан жаш балдар ишке кызыгып кеч калып кетишсе керек да?!
+27
rkurstan
2017-01-25 10:50:11
Орчундуу жанылык болуптур,бул о! ж.б компаниялар коп жаштарды азгырып жатат келечегине балта чаап.Башында кызыктырып кунуно 3000 сомго чейин толойбуз деп жумушка алып анан болбогон акча толоп кулдай иштетип журушот.Уюлдук компанияларды жоопко тартуу керек.
+6
Revolyutsiya
2017-01-25 21:14:51
almazbei, туура кылат кармап ата-энесин эскертип... Сенин айтканын туура эмес...


Тиги уюлдук компанияларга кылмыш иши ачылганы дурус
0
chikeusenov
2017-01-25 11:08:24
анан эмне кылат же мамлекет жарандарды ойлобосо же ата энесинин айлыгы уйлбулолук тамак аш кийим кечеге жетпесе айла жоок балдары да иштейт да же мамлекет кыйратып айлык же пенсия же пособия берип атыптырбы биринчи жумушсуздукту жоюп анан ушундайларга чектоо киргизсенер окшошот эле кээ бир карапайым уйбулого ата энесинин же атасынын алган маянасы уйбулого жетпейт ачка жашайт ошолор иштейт да айла жоок
+16
maks.kg.11
2017-01-25 11:12:00
Тирилик деп эле койбостон караш керек жаштарды,баардыгы кичине нерседен башталат.Суротко тартып жакшы кылыптыр башкаларгада улгу болот.
-17
meni_kut
2017-01-25 12:04:45
maks.kg.11,мээн мн.
+13
meni_kut
2017-01-25 12:06:35
Суротко тартпай эле койбоптур жаш балдардын шагын сындырып.Жетишкен жашоо болсо ушинтип иштешмек беле.
+10
Дарыгер
2017-01-25 12:13:25
Той кыйратыптыр ээ тимеле! Айла жоктон иштеп журушот да. Жазганы соз коп- убауыт аз.
+5
Salman.eldar
2017-01-25 12:15:20
Байкуштар кичинекей эле балдар экен
+5
Ayida
2017-01-25 14:00:22
Акча кылып мектепке бир нерсе алатда же уйуно тамак аш алат.Пособие жарытып бербесе же
+8
Ayida
2017-01-25 14:02:06
Болор бала богунан дейт иштей бергиле бул болгону компанияны коро албаган бироо кылдыда жаш балдар сатып журот тиги бу деп. Жаш балдар тачка туртуп же ящик чогултуп журот деп эч кимин айтпайсын же кармабайсын
+12
tynara81
2017-01-25 14:05:25
Ayida,+++++++++
0
Bubu88
2017-01-25 14:52:25
Байкуштар ойноп оюнга эркелеп мээримге тоё элек кезинде тиргилик кылып жүрүшөт жетишпеген турмуштун айынан болуп атат ушул балдарыбыздын келечеги кең болсо экен жашоолору онолуп бизге окшоп ар кайсы жакта тентибей
+3
Shekeev969798
2017-01-25 14:56:00
Кыйратыпсынар опурталдуу кылмыштуу топту кармапснар
+9
ayjan_90
2017-01-25 16:24:50
Ой тобо ушулда жанылыкпы жетишпеген жашоодон иштешип жатышат да главный уурулук кылышпаптырго тым эле чон кылмышкерлерди кармагансып жарыя кылышканын
+7
munara.11.
2017-01-25 16:59:14
ууруларды кармагыла суротун чыгаргыла! булар оз нанын оздору таап жеп жатышатго!ХХХ жоктор!сойкуларды токтоткула!алынар жетсе жеп жутар чондордун былык иштерин чыгаргыла суроту далили мн!
+4
Targarien
2017-01-25 17:08:12
Милицилиялар ушундай жетишпеген уйбулонун балдарын кылмышкерге окшоп кармагандын ордуна жумуш беруучулорду эскертбейсинерби Жада калса ушундай балдарды камап да салышат экен Кыргызстандын милициясы гаилери бей бечараларды жаш балдарды коркутушту кыздарды чыныртып уят кылышты соттору бир омур камашты эле билет
0
Almacom
2017-01-26 09:07:58
Алдагы милициияларга тош белгилерди берип,даражаларын которуу керек.Батухаевди кармап алышкан окшойт депмин
+1
israil
2017-01-26 12:47:22
Даа мыйзам иштеп жатат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан