Дубайга иштегени кетип, сексуалдык кулчулукка кабылган Алина Шадыканова Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Акыйкатчы институтунан билдиришти.
Маалыматка караганда, Шадыканованы тосуп алууга Акыйкатчы институтунун кызматкерлери, апасы жана эки кичинекей баласы барды.
Айта кетсек, 2016-жылдын 23-декабрында Алина Шадыканова жумушка орношуу үчүн Дубайга учуп кеткен. Ал жакта аны "барда иштейсиң" деп чакырган аял тосуп алып, интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлаган. Ага макул болбогон Алина Шадыканова ур-токмокко алынган. Жабырлануучу апасына телефон чалып, окуя тууралуу билдирген. Мындан улам Шадыканованын апасы жардам сурап Акыйкатчы институтуна кайрылган.
Акыйкатчы институтунун жана Тышкы иштер министрлигинин бирдиктүү аракети менен жабырлануучунун Дубайдагы миграциялык абактардын биринде экени аныкталган.