28-январда Бишкекте жыл сайын уюштурулуучу Шахмат фестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Шахмат федерациясы бүгүн, 25-январда кабарлады.
"Фестиваль ылдам ойнолчу шахматтын түрү боюнча 8-16 жаш курагындагы балдар, кыздар, 4-8 жаштардагы кичинекей балдар арасында өтөт. Фестивалдын максаты - шахматты Кыргыз өлкөсүндө өнүктүрүү, шахматчылардын спорттук чеберчилигин өркүндөтүү, шахмат сүйүүчүлөрүнүн эс алуусун уюштуруу. Алгачкы 7 тур 21-22-январь күндөрү өткөн. Финалдык 2 туру 28-январда өтөт", - деп айтылат федерациянын маалыматында.
Турнирдин акырында гроссмейстер Руслан Съездбеков менен бир убакта ойнолчу оюн болору белгилүү болду. Эскерте кетсек, Руслан Съездбеков Батыш Азия чемпиондугунда коло медаль тагынган.