Өзбекстанда экс-президент Ислам Каримовдун ысымын түбөлүк калтыруу аракети көрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, учурдагы өлкө башчысы Шавкат Мирзийоев 25-январда өлкөнүн биринчи президенти Ислам Каримовдун атын түбөлүккө калтыруу тууралуу токтомго кол койгон.
Мындан улам Каримовдун ысымы өлкөдөгү бир катар мекемелерге, көчөлөргө жана окуу жайларга коюлмакчы. Ошондой эле Шавкат Мирзийоевдин токтомуна ылайык, Өзбекстанда жыл сайын 30-январда Каримовдун туулган күнү белгиленип, 2-сентябрь туңгуч президентти эскерүү күнү деп жарыяланган.
Эске салсак, буга чейин Самарканд аймагына Каримовдун бейитине күмбөз курулмай болгон.