Канатбек Бегалиев грек-рим күрөшү боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу Күрөш федерациясынын басма сөз кызматы SUPER.KG`ге маалымдады.
"Күрөш федерациясы олимпиадалык оюндар жыйынтыкталган соң грек-рим күрөшү боюнча башкы машыктыруучу кызматына Бегалиевдин талапкерлигин сунуштады. Мамлекеттик агенттик анын талапкерлигин жактырды. Эми "Токио-2020" Олимпиада оюндары өткөнгө чейин Бегалиев бул кызматты жетектеп, спортчуларды аталган оюндарга даярдайт", - деп билдирди басма сөз кызматы.