Бүткүл дүйнөлүк бокс ассоциациясы оор салмакта супер чемпиондук наамды талашуу үчүн беттештердин тизмесин аныктады. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, супер чемпиондук наам үчүн болгон беттеште украиналык оор салмактагы мушкер Владимир Кличко англиялык бокс чебери Энтони Жошуа менен рингге чыгат. Бул беттеш 29-апрелде Лондондун "Уэмбли" спорт аянтында орун алат.
Ал эми АКШнын оор салмактагы белгилүү спортчусу Фрес Окендо жердеши Шеннон Бриггс менен беттешет. Мушкерлердин кайда, качан беттешүүсүн макулдашууга 30 күн убакыт берилген. Азырынча ринг аянтына чыгуучу мушкерлердин беттеши кайсы убакытта өтөрү белгисиз.
Владимир Кличко менен Энтони Жошуа беттешинде жеңип чыккан мушкер кубалык Луис Ортис менен кез келет. Ал эми Фрес Окендо менен Шеннон Бриггстин беттешинен уткан спортчу орусиялык Александр Устинов менен күч сынашмакчы.