Аргентиналык футболчу Лионель Месси жарандык аялы Антонелло Рокуццого үйлөнөрүн жарыялаганын чет элдик басылмалар бүгүн, 27-январда жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, белгилүү футболчу Месси жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине жубайы Антонелло Рокуццо менен үйлөнүү тоюн 2017-жылдын 24-июнуна белгилегенин айткан. Бул күнү "Алтын топтун" ээси 30 жашка толот. Үйлөнүү той түгөйлөрдүн кичи мекени Росарио шаарында болот. Ага 700дөй конок чакырылары күтүлүүдө. Лионель Месси менен Антонелло Рокуццо 2008-жылдан бери мамиле куруп келишет. Экөөнүн 4 жаштагы Тьяго жана 2 жашар Матео аттуу балдары бар.
Белгилей кетсек, португалиялык Криштиану Роналду да 4 айдан бери мамиледе болуп жаткан модель Жоржиана Родригеске баш кошорун жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.