“Евро-2016нын” жылдыздарынын бири Димитри Пайет “Марсель” клубуна өттү

Франциялык жарым коргоочу, “Вест Хэм” клубунун лидерлеринин бири Димитри Пайет Франциянын “Марсель” клубу менен 4,5 жылга келишим түздү. Бул тууралуу аталган клубдун расмий сайты билдирет.

Пайет 2013-жылдан 2015-жылга чейинки аралыкта "Марсель" клубунда ойноп келген. 29 жаштагы футболчу үчүн “Марсель” 25 миллион фунт стерлинг (30 миллиондон ашык доллар) төлөп бермекчи. Буга чейин Пайетке лондондук "Челси" клубу да келишим сунуштаганы маалым.

Эске салсак, Димитри Пайет быйылкы кышкы трансферде “Вест Хэмде” ойноодон баш тарткан. Команданын башкы машыктыруучусу Славен Билич журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, анын майданга чыгуудан баш тартканы үчүн чара көрүлөрүн айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Lu4ano
2017-01-30 14:14:21
Вест хэм 40 миллион деп койсо деле болмок акыры алышмак
0
roklait
2017-01-31 09:18:57
Акыры өтүптүрда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан