Кыргыз эли чогулткан акчасын асманга чачып, Кытайды байытып жатканы айтылды

Бүгүн, 31-январда Бишкектеги "Kerege" фондунун кеӊсесинде "Кыргыз тойлору феномени" темасы талкууга алынды. Анда тойлордун (бешик той, сүннөт той, кыз той, уул той, үлпөт той жана башка) маани-маңызы, өткөрүү формасы, эл арасында жайылган түшүнүктөр "Эл эмне дейт?", "Элден чыгалыбы?" жана башка көйгөйлөр, тойду кызыктуу, элге пайдалуу өткөрүү жолдору талкууланды. Ага журналист, публицист Султан Жумагулов, Тамадалар борборунун төрагасы Эшенкул Барпиев, төкмө акындар Жеңишбек Жумакадыр, Кубат Тукешов, режиссёр Сүйүн Откеев жана башкалар катышты.

Султан Жумагулов: "Саясат өз нугу менен кете берет. Биздин салт менен үрп-адаттар да чоң саясат. Кыргыз коомун бир эле бийликтегилер эмес, элге алынган, сөзү өтүмдүү адамдар да өзгөртө алат", - дейт.

"1990-жылдары эл курсакты кантип тойгузуу керек деп ойлонсо, азыр кантип арыктайм деп ойлонуп жатканы көп. Азыр курсагы да, көзү да тойду, бир гана пейили тойбой жатат. Тойдон айырбасын, бирок той курсактын майрамы эмес, руханий майрам. Аны жөнөкөйлөтүү зарыл. Тамадалардын деңгээли түшүп кетти. Эки сөзүнүн бири - "кол чаап койгула".

Өлкөдө тойлор саан уйдай кирешелерди алып келгени чын. Көптөгөн адамдарды жумуш менен камсыз кылып жатат, бирок биз сарамжалдыкка өтүшүбүз керек. Кытайдын колдонулбаган, арзан буюмдарын сатып алып таратып, ансыз деле бай Кытайды байытып жатабыз. Андан көрө өзүбүздүн жергиликтүү ишкерлерди, уздарды колдосок болбойбу? Эптеп чогултулган акчаны асман менен ажатканага чачкандын ордуна өнүгүүгө, балдардын билим алуусуна жумшасак, эл-журт байыса деген ой. Билимсиз коомдун келечеги жок. Такыр той кылба деген эч ким жок. Болгону анын форматын өзгөртүү керек", - дейт С.Жумагулов.

Ал эми Тамадалар борборунун төрагасы Эшенкул Барпиев "эрте тургандын баары эле тамада болуп кетти" дейт.

"Кыргыз аш-тойсуз жашай албайт, бул нерсе элдин түпкүлүгүндө бар. Ооба, акыркы кезде тойлордун форматы бузулду. Бул да болсо той ээлеринин талаптарына жараша, себеби ал сага тизмени берет, келген коноктор сөз сүйлөйт дейт. Ошону менен тамашага же дагы башка программаны аткарууга убакыт калбайт.

"Тамада" деген сөздү алып таштоо зарыл. Ырчыны ырчы, сынчыны сынчы, төкмөнү төкмө дейт. Ал эми эмне үчүн жарчыны жарчы дегенге болбосун? Андыктан бул маселени коомдук талкууга алып чыгып, бир нече тилчилерге кайрылып көрүп, пикирлерин угуу зарыл", - деген оюн билдирди.

Режиссёр Сүйүн Откеев: "Азыр элдин баары сарамжалдуулукка өтүш керек деп айтканы менен, аны ишке ашырган эч ким жок", - деген пикирин билдирди.

"Той биздин коомдун жарымын багып жатат. Аны жок кылсак, элдин жарымын жумушсуз калтырган болобуз. Ооба, тойду жок кыла албайбыз, бирок сарамжалдуу болуп, көп нерсени үнөмдөсөк болот да. Тойдо тамак-ашты, сөздү азайтуу керек деп айтышканы менен, аны аткарган киши жок. Чынында, чечкиндүү боло албай жатабыз", - дейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (41)
Arsenal2
2017-01-31 21:39:12
Мен да колдойм эки буттап, эки колдоп соз боюнча калып кетпей ишке ашырыш керек.
+9
Samina007
2017-01-31 21:39:57
Бизди да ошол өкүл ата өкүл эне кылабыз дегенден бери баралбайтабыз кыргызстанга билесиңер себебин.топтош керек жана да топтош керееек.Өкүл ата өз ата,өлүп кетсин кайната дегендей
+7
tyrgon
2017-01-31 21:48:54
откондо бир байке айтат кыргызстанда союздун адамдары жок болмойунча Кыргызстан да мыйзам иштебейт деп )))))
+3
Eleko
2017-01-31 22:34:34
tyrgon,союздун адамдарындай эле тарбия ынсап болсо кана азыркыларда!Азыркылар бузулган,кызарган жеринди жулуп алайын деп.Ошо акана айтып озу оскон семьяда ала албаса керек да тарбияны,биз союздун адамдары озунон чонду сый-урмат дегенди билчу элек,мугалимди корсок жан алгычтай коркчу элек,союзга асылбасын!
+5
Kuban99.kg
2017-01-31 23:19:22
Эл эмне десе десин Аллахтын алдында ысырапкор болбогун.
+2
evidens
2017-02-01 00:18:06
Той откорушсун мейли.тойго жеткирсин Аллах.но бирок ысырапкерчилик ото коп болот.кудалар кандай сыйласа берки тарапта ошентип сыйлайм деп тапканын ошого чачат.сыйласын.тойлу откорсун но бирок ошончо дунгуротуп .акчаны асманга чачып чачып той берди.ошентип уйлрнушкон жубайлар ажырашып кетип жататго азыркы учурда
+4
evidens
2017-02-01 00:20:57
Ысырапкерчилике катту чара колдонуш керек.ырчыларды тойлорго барууга тыюу салыш керек.ырчысынбы сахнада жур деп.корунгон тойдо оозун калп эле кыймылдатпай
+3
Kanzada97
2017-02-01 01:00:58
Менда өз оюмду айтсам Чындыгында ырчылардын тойго бааруусун токтотуш керек.Алардын бир ырды фоннограма мн ырдаганы 25000дей талап кылышаттар. Андан көрө лучше калп эле ырдаткыча бир дискти коюп бийлеген эле жакшы. Ырчылардын орду сахнада тойдо эмес.
+4
narzulla
2017-02-01 01:48:54
Тойдун тойдой болгону жакшы шандуу кызыктуу кулкулуу дегендей эсте калаарлык.Ашыкча чыгымдарды башкаларга тенелбей эле эки тарап макулдашып колдон келишинче ашыкча майда салттарды азайтып ,анан арак шарапсыз эле откорсо жакшы болмок
+2
Begimai85
2017-02-01 01:53:30
Тойдо кандай адамдар жумуш менен камсыз болуп атышат?
Алар ырчылар,тамадалар алар той болбосо деле жакшы табышат акчаны.Азайталы озубуз чет жактарда балдардын козун жалдыратып,сагынычта,кусалыкта журуп акчаны табабыз жылдап анан барып бир кундо чачып таштайбыз.
+4
Kroxa
2017-02-01 02:27:43
Тамадалар деле саны бар сапаты жок болуп кетти,,эки созунун бири кол чаап койунуздар,анан бирин бири туурашып эле уккунду келтирбейт..
+2
zhykyo
2017-02-01 03:45:14
Тамадаларга налог салыш керек
+3
ulan.zhoroev
2017-02-01 04:00:16
Тойлордо балык бышырылган, шашлык,самса ар бир адамга бирден тартат, ойлоп коргуло 500 адам чакырылса, озунун балдарына олуп кетсе сатып алып бышырып бербейт уйундо.
+4
Targarien
2017-02-01 05:06:14
Кыргыздар ушундай эле курнамыска чиренген элбиз да Корпоно карап аяк узат деген соз бар Бир чон кызматтагы адам той кылса ага конверт конверт акчалар сарпайлар келет Бардыгы ошого жагынып жагалданып иш тутат Ал эми колунда жогураак бироо ага тенелем деп кредитке белчесинен батат Бир иностранецке бизде статусун минген машинан жашаган уйун иштеген мансабын билдирет десем бизде статусун эн жакшы тиштер билдирет деди эле Ошол сынарындай кыргызым акчаны тойго сарптабай маанилуу нерсеге жумшайлы
+1
UlukmanKalyev
2017-02-01 09:08:35
Revolutsya деген неме бар эле жок болта кеттиго☺☺☺
-2
AKCAHAT
2017-02-01 11:12:50
Азыр курсагы да, көзү да тойду, бир гана пейили тойбой жатат. Туптуура . Ички дуйносу иттей ачка. Куру намыс , понттор ошо жан дуйнонун жардылыгынан болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан