Кышкы трансферлер аяктады: Футболчулар Кытайга сапар тартышууда

1-февралга караган түнү Европада футболдук клубдардын оюнчу сатуу жана сатып алуусу токтоду. Кайсы бир командалар өзүнө керектүү футболчуларды сатып алууга жетишсе, кай бирлери өзүн актай албай калган футболчулары менен коштошту. Кытай футболунун деңгээлин көтөрүү демилгеси менен бул өлкөнүн футболдук командалары миллиондогон каражаттарды сарптап, Европада ойногон футболчуларды Азия континентине алып келүүнү улантышууда.

Январь айынын акыркы күндөрүндө орун алган трансферлерге токтолобуз.

“Манчестер Юнайтед” 2 футболчусун узатты

Голландиялык футболчу Мэмфис Депай “Манчестер Юнайтедге” Жозе Моуринью келгенден тарта негизги курамдан ордун тапкан жок. Кезинде ПСВ клубунда жылдызга айланган футболчу буга көнбөй, өз өнөрүн Францияда улантууну чечти. “Лион” клубу 22 жаштагы футболчу үчүн англиялык клубга 16 миллион евро төлөдү.

Жозе Моуриньюнун ою боюнча, жарым коргоочу Морган Шнайдерлин да негизги курамдын оюнчусу болгон жок. Жыйынтыгында франциялык футболчу “Эвертон” клубуна 22 миллион евродон ашык суммага өттү.

“Наполи” чабуулчуларды алмаштырды

Италиянын "Наполи" клубу чабуулчу Маноло Габбьядинини англиялык “Саутгемптонго” 17 миллион еврого сатты. Маноло “Наполиде” негизги курамда ордун таба алган эмес, бирок тырышчаактыгы менен айырмаланып келген. Италиялык клуб үчүн жалпы 79 оюнда 25 жолу айырмалана алган. Клод Пюэль машыктыруучулук кылган “Саутгемптон” Габбьядинин артынан бир канча ай бою чуркап, эми гана өз курамына ала алды.

"Наполи" клубу Габбьядинин ордун толуктоо үчүн “Женоа” клубунун оюнчусу Леонардо Паволеттини 18 миллион еврого сатып алды.

Алешандре Пато Кытайга жөнөдү

Кытайдын "Тяньцзинь Цюаньцзянь" клубу 18 миллион еврого испаниялык "Вильярреал" клубунун чабуулчусу Алешандро Патону сатып алды. Кезинде “Милан”, “Челси” клубдарында ойногон Пато Бразилиянын кезектеги жылдызы саналчу. Бирок алган жаракаттарынан улам Европа талааларында таланты толугу менен ачылбай калды. 27 жаштагы футболчу быйылкы сезондо “Вильярреал” клубунда 24 оюн өткөрүп, 6 гол киргизген.

Эске салсак, "Тяньцзинь Цюаньцзянь" буга чейин “Зенит” клубунун жарым коргоочусу Аксель Витцелди 20 миллион еврого сатып алган.

ПСЖ таланттууларды чакырат

Быйылкы сезондо Унаи Эмеринин ПСЖ командасы Франция чемпиондугунда алдынкы орунду азырынча “Ницца” менен “Монакого” алдырып келе жатат. Кышкы трансферде алгач “Вольфсбургдан” Юлиан Дракслерди 40 миллион еврого сатып алышкан. Мындан тышкары “Бенфиканын” таланттуу жарым коргоочусу Гонсалу Гедеш франциялык клубдун курамын толуктады. Анын трансфердик баасы 30 миллион еврого бааланды.

Бранислав Иванович “Челсини” “Зенитке” алмаштырды

Кышкы трансфердин акыркы күндөрү англиялык “Челси” клубунун коргоочусу Бранислав Иванович Орусиянын “Зенит” командасына кошулду. Чет элдик басылмалар сербиялык футболчу “Зенит” менен 2,5 жылдык келишим түздү деп жазышууда. Эске салсак, Бранислав Иванович Москванын “Локомотив” клубунан “Челсиге” 2008-жылы өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Doni99
2017-02-01 16:08:23
Baaryna iigilik
Bizdin foodbolchularybyzda uwulardyn kataryna koshulsun
0
KgEka
2017-02-01 17:03:50
Мени дагы чыкырышкан барган жокмун.)
-3
Ulan2601
2017-02-01 20:11:46
Кытай молодец азиянын чемпионатын которгуло статусун ушундай сатып ала берсе азияда да фудбол онугот
0
Azatbek83
2017-02-01 23:58:32
Ulan2601,футбол
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан