SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмү ырчы Аваз Акимовдун 2016-жылдын 26-октябрында борбор калаадагы Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өткөн жеке концерти менен толукталды. Ырчы концертине бир ай даярданганын, баары өзүнүн оюндагыдай өткөнүн, албетте, кемчиликтери да болгонун айтып, буларды билдирди:
"Алгачкы жолу 2014-жылы жеке концертимди берген элем. 2 жылдан соң даярданып, жакындарымдын колдоосу менен экинчи концертимди абдан жакшы өткөрүп алдык. Кийинчерээк ушул эле программа менен өлкөнүн башка аймактарына, Москва шаарына барып келдик.
Канча адам болсо, ошончо пикир болот экен. Алсак, Бишкектеги концертимде "бир костюмун күйөрманынан аяды, ошондон кийин Авазды жактырбай калдым" деген сөздөр айтылды. Ооба, оюн учурунда алып баруучу күтүлбөгөн жерден жеңүүчүгө белек бериш керектигин белгилеп, "костюм берилет" деп жарыялап салды. Ал кыз өзүмдүн таанышым болчу. Андыктан "таанышына берип салды" деген сөздөр айтылбасын деп, залдагы башка күйөрманыма берген элем. Шашылып же толкунданып жатып ошол нерсени туура эмес кылдым окшойт. Ошондон кийин сынга кабылдым. Баарына эле окуяны туура түшүндүрө албайсың да, учурдан пайдаланып, костюмду эч кимден аяган жокмун, тааныштарга эмес, күйөрмандарыма берейин деген эле жакшы оюм бар болгонун билдире кетем".
Аваз Акимовдун жеке концертин бул жерден көрүңүз.