Борбордун райондорунда мектеп директорлору жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин катышуусунда социалдык тармактардагы коркунуч тууралуу жыйындар өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Ошондой эле жыйындарга социалдык мугалимдер, психологдор, жашы жете электер боюнча инспекторлор да катышкан. Анда балдарды өздөрүнө жана жакындарына зордук көрсөтүүчү оюндардан сактоо боюнча маселелер жана сунуштар каралды.
"Дайыр Асанов атындагы сейил бакта Инстаграм тармагындагы провокациялык оюндун тапшырмаларын аткарып жатышкан 5 өспүрүм кармалып, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүшкөн. Саат 18:00 чамасында виртуалдык оюн боюнча өздөрүнүн жанын кыюуга аракет кылган өспүрүмдөр мас абалда табылышкан", - деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары айрым интернет-клубдарга рейддер жүрүп, саат 22:00дөн кийин бир нече өспүрүм кармалып, кээ бири ата-энелерине өткөрүлүшсө, кээ бири психологдор менен сүйлөшүүгө жиберилишкен.
"Свердлов районунда 9 интернет-клуб текшерүүгө алынып, 8 өспүрүм кармалып, үчөө ата-энелерине кайтарылса, бешөө Ички иштер министрлигинин алдын алуу борборуна жеткирилишкен. Ленин районунун аймагындагы 10 интернет-клубдан 9 өспүрүм кармалган. Ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп кошумчалаган мэрия.
Өспүрүмгө тиешелүү деңгээлде тарбия бербегени үчүн ата-энелерге административдик чаралар каралары маалым болду. Ал эми 22:00дөн кийин же окуу маалында өспүрүм табылган
интернет-клубдарга да жабылып калганга чейин административдик чаралар көрүлөт.