СУПЕРСТАН: "Интернеттеги балдарды суицидге түрткөн оюндан сак болууга чакырабыз деп, тескерисинче, пропагандалап жатабыз"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Интернеттеги балдарды суицидге түрткөн оюн тууралуу оюңар" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Мага кызык болуп жатат, мен айылда турам, бул жакты таап келе албастыр деп ойлоп коём, бирок коркунучтуу".

"Мунун баары жалган эле го, кантип эле бир оюндун айынан адам өз жанын кыйсын? Менин оюмча, бул саясатчылар үчүн керек болуп жаткандай".

"Жашоодон түңүлгөндөр ойносо керек. Менин тааныш эки иним бар, ошолор бүгүн сүйүнчүлөйт, "биз 50 күндөн кийин өлөбүз" деп. "Неге?" десем "Көк китке" кошулдук" дешет. Сөктүм эле".

"Мына, жалпыга сак болгула деп бардык жактан какшаганыбыз менен, тескерисинче, кайра муну пропаганда кылып жатабыз".

"Ушу форумдагы эле ойноп көрөйүн дегендерге каршымын. Форумга каттала албай жүргөн жаш балдар, кыздар бар, алар дагы ойноп көрөйүн деп азгырылып кетишпесин".

"Өткөөл курактагы өспүрүмдөрдүн психологиясын баштыкка окшоттум, эмне салсаң да ылгабай сала берген. Ал баштыкта чирип жок болуп кетеби же жөн гана ошол бойдон калабы, ал баштыкка салынган нерседен көз каранды.
Ата-эне, айлана-чөйрөдөгү адамдар да кандайдыр бир деңгээлде жардам берип, ак-караны ажыратып, балага жакшы сөз менен түшүндүрүп, оң жана терс жактарын мисалдар менен айтып, баланы оң жолго салуу керек".

"Ушул оюнду кайра-кайра айтып, ар бирибиз жарыялоо менен билбегендерге билдирип, кызыкпаганды кызыктырып, дүрбөтүп жатабыз.
Билбегендер "ал кандай оюн экен, бир жолу ойноп көрүш керек экен" деп кызыгуулары артып жатканын мектепте өткөн чогулуштан байкадым. Элди дүрбөлөңгө салбай, тиешелүү тармактар өз иштерин аткарып, ата-энелер балдарын көзөмөлгө алышса..."

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
Seiil.94
2017-02-04 10:56:49
Баягы эле копкон бироонун балдары ойнойтда.
+3
leilekstan_1987
2017-02-04 11:02:13
Менда кечее атайын оюнга кошулдум я в игре разбуди меня в 04:20 деп кок киттин суротун илдим. Иликтеп коройунчу ким кандай буйрук берет
-4
Bubu88
2017-02-04 16:07:23
leilekstan_1987, туура кыласың иликтеп кор бирок этият бол азгырылып кетпе балким кармап алаттырсын ошол шумпайды
+3
rios.07
2017-02-04 11:27:42
leilekstan_1987 ,кайсы сайттан кошулдун менда кошулайын дегем.биз муну иликтеп токтотпосок болбойт.
-4
chikeusenov
2017-02-04 12:06:44
оо тим эле полицейский хакер болуп кетесинер да кээ бир игрокторду булар жон эле азгырат жашына карабай эле ошого оюнга кызыгуун болсо кирбей эле кой а психологиядан да алдайт булар элдер бекеринен терорист юолтат бекен чоон эле адамдар аларды да психологиядан алдайтда ошол сыяктуу эле бул оюн канчасын коруп окуп кордум почти оюндун ыгын тушундум оюндун акыры олуп женет экенсинда
+4
МАЛЫШ
2017-02-04 12:09:46
Ушул синий кит темасы элди жаман алаксытып убакытты чоюп атат. Боингдеги жуктун ээсин билип жоопко тартса жакшы болмок. Киминер кандай ойлойсунар билбейм, менимче теманы улам чукулап элди алаксытып атышат. Андан коро боингди чукулагыла!
+5
Mr.enriiko
2017-02-04 13:02:27
Бул деген элди алаксытуу деп ойлойм политиктер из ишин кылаберишет а биз КИТке окшоп жатаберебиз. Аа я в игре или Виагре деп. Психологиялык элди алаксытуу деп менда ойлойм кризистен.
+1
Mr.enriiko
2017-02-04 15:46:06
, ээ ХХХойнобогула бул оюнду реклама кылып буттукко чиркин тоодо эле эшек минип чонойдук эле эч кандай синий миний и жок эле
+3
Take_men
2017-02-04 13:03:26
Ойноп королу деп атып "онконордон" кетпегиле. Бул оюнду эн кучтуу психолог-аналитиктер,адамдын оюн айттырбай тушунчуулор ойлоп тапкан. Айланайын Абайла!
+2
azamat.k
2017-02-04 13:08:37
Кана УКМК силовой структуралар?,жонокойдо фейсбук жана башка соцсеттерге Атамбаев жонундо жазыптыр деп артынан тушуп,бир экоону кармап сурака алышты эле го.Кыйын болсу ушул кок кит чын болсо таап кармап корсун,мен озум жыгачтан медаль бермекмин.Мындайда УКМК башкалар дымып эле калды го,мындай олумго турткон оюн болсо олко учун кооптуу да.
+7
Ayida
2017-02-04 15:29:29
azamat.k,туура айтасыз кошулам мен дагы созунузго
+1
yrysbek
2017-02-04 17:33:01
Ооо айланайын бул оо бийликтин оюну элди алаксытыш учун ойлоп табылган нерсе бир нерсеге ото тез ишенебизда Кыргыз элим, кечээки авиа кырсыктан элди алаксытуу максатында болуп жаткан нерсе бул элди алаксытып ушуну менен кырсыктын кесепети жабылып кетет деген максатта. Оюн бар бул оюн оо качантан бери ойнолуп келаткан оюн ушуну эми ушунчалык элди дурботкон оюнга айландырып алып чыгып элди алаксытып коюштуууууууууууууууууууууу
-2
Prokuror
2017-02-04 18:04:21
Сайттарды козомолго ала турган контролдук органыбыз жок. Эгер ошондой орган болгондо Россияга окшоп биз да ошол оюндарды, сайттарды блокировка кылып коймок элек. Ушул жаатта бийликтегилер иштерди алып барса ....
0
Prokuror
2017-02-04 18:11:56
Сайттарды козомолго ала турган контролдук органыбыз жок. Эгер ошондой орган болгондо Россияга окшоп биз да ошол оюндарды, сайттарды блокировка кылып коймок элек. Ушул жаатта бийликтегилер иштерди алып барса ....
0
Nursultankyrgyz
2017-02-04 20:38:34
Мен психологко окуп атам.Менин оюмча ушулардын арасында эн кучтуу психологдор бар.Адам баласыга мынчалык таасир бериши кыйын жонокой адамга.Суротторун коруп алыпда,озуно тарта турган бирдемкеси бар.Эн негизгиси олуп жаткан балдар,кыздар подростковый возрастта.Ошол учурдан пайдаланып сокку уруп атышат.Мен олгондордун почтасын кордум.Алардын ичинде кобу суйуу жонундо жазып,кыйналып аткандарын билдирип коюшван.
+2
korgoshun
2017-02-04 23:44:38
Бул тээ тордо отурган жепжутарлардын эле бир иши. Боингди унуттуруш учун эле кылган иши болуш керек... болбосо самолёттон кийин ле бат эле синий кит, я в игре деп эле ызы чуу салышты го...
-1
admin_portal
2017-02-06 11:05:02
Saribulak,
1. Провокациялык билдирүүлөргө жол берилбейт.
2. Эскертүү сызыгыңыз толгондугуна байланыштуу түбөлүк БАН!
0
Kroxa
2017-02-06 13:49:26
Заблокировка кылышпайбы олкого кирбегендей кылып...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан