ЭЛДИК КАБАР: Бишкек-Ош жолунда жол кырсыгынан 2 адам каза болду

Кечээ, 4-февралда Бишкек-Ош жолунун Токтогул районуна караштуу Куйбышев тилкесинде Ниссан Примера менен Тойота Ипсумдун катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.

"Жол кырсыгы саат 15:30дар чамасында болуп, 2 адам көз жумду. 5 адам ар кандай жаракат алып Токтогул райондук ооруканасына жеткирилишкен", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
panda7
2017-02-05 13:35:42
Эхх Аллахым бейишин бере кор! Акчам болсо Ош-Бишкеке поезд жол салмакмын.
+26
frunze12
2017-02-05 14:00:32
panda7, бийликтин башы жеткенде 2-Ош-Бишкек жолунун ордуна тундук менен туштукту туташтырган темир жол куруп, ГСМ жана оор жуктордун баары темир жол аркылуу ташылып, Ош-Бишкек жолу фуралардан арыла тушмок.

Жумасына 3-4 рейс пассажирский рейс жургузуп койсо анда жургунчулор учун сапар тартуу ынгайлуу да, арзан да, коопсуз да болмок. Ошону ойлогон бийлик табылбаганы окунучтуу...
+19
momun74
2017-02-05 14:03:15
frunze12,Тура айтасын анан бираазда болсо батыраак жетмекпиз
+10
baltabai
2017-02-05 13:42:33
Жаткан жери жайы болсун
+8
take.kg86
2017-02-05 13:46:39
Аллахым өзүң сакта. Анан вадителдер Ош - Бишкек жолунда акырын айдагылачы
+8
sarbo
2017-02-05 13:53:46
Аллахым ботон кырсыктан Кыргызстанымды сактай кор!!!
+7
Umarbalapanym
2017-02-05 14:45:22
Кандай гана окунучтуу,(((
+1
baltabai
2017-02-05 14:50:29
Өтөн өкүнүтү
-9
Munar8625
2017-02-05 15:10:11
baltabai,эмне деп жазгансын тууган, кудайым рахматыга алсын жаткан жери Жаннат болсун.
+1
nemo2016
2017-02-05 15:09:37
Сактыкка кордук жок демекчи таксисттерда ойлонсо картошка жуктоп алгансып газдан бутту узбой келишет.
+2
Kroxa
2017-02-05 17:12:20
Кундо авария болуп эле олгон киши коп болуп баратат...акырзаман белгисиби??
0
Samat-89-kg
2017-02-05 17:35:44
Жаткан жерлери жайлуу болсун экоонун. Туугандарына сабыр кылгыла Пендечилик демекчимин. Аман калгандарга Кудайым Ден соолук Омур берсин..
0
Bubu88
2017-02-05 17:56:21
Бейишин берсин
0
kanyshai_2011
2017-02-05 18:23:03
Ото каттуу айдашат жарым саат ерте жетсе сыйлык ала тургансып.жаткан жери жайлуу болсун не деген заман болуп калды билбейсин куну кур емес бирден жаман кабар .айдоочула шашпагылачы суранабыз.айдап баратып уктапда калышат кээлери.
+2
bastajan77
2017-02-05 21:45:05
Кундо 1/2/3/4 адам олот тообо кылдым, ушул Ош Бишкек жолунун ордуна Поезд жол курса болмок 2 качып кеткен президент!же самолёт жол киресин 1000 сом кылса баары учуп калмак!
+2
jake91
2017-02-05 21:49:42
жаткан жери жайлу болсун ош бишкек жолу мазар еле болуп калдыго Кудай сактасын кырсыктардан
+2
ainura220888
2017-02-05 22:32:11
Он руль машинанын пайдасы. Всречкага карабай чыгышат кайра буйтап качышат. Улгурбой калса керекда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан