Аксы районунун Кой-Таш айылында жол тургундардын күчү менен тазаланды. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
"3-4-февраль күндөрү тынбай жааган кардын калыңдыгы 70 сантиметрге чейин жетти. Биринчи күнү автоунаалар жүрө алышкан жок, адам баскан жол гана болду. 4-февраль түнү жол тазалагычты араң чакыртып тазалаттык. Ал да бир унаа батарлык кылып эле сүрүп кетти. Мындан улам 6-февраль күнү ашар жолу менен кар тазаланып, жол кеңейтилди. Ушуну бир жогоруда отургандар карап беришсе", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.