Ырчы Омар "1 окуучу - 1 демөөрчү" акциясынын алкагында жетим балдар үйүндөгү бир баланы өз камкордугуна алды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге "Элим, барсыңбы?" коомдук фондунун директору Хабибулла Арзыкулов билдирди.
"Ырчы Омар пилоттук долбоордун алкагында бир баланы өз камкордугуна алды. Эми ал өзүнүн агалык кеп-кеңешин берип, моралдык, каржылык жактан колдоо көрсөтүп турат. Тагыраагы, Омар жетим балдар үйүндөгү балага мектепти бүтүп, жогорку окуу жайда билим алуусунан баштап үйлөнгөнгө чейин жардам берүүнү чечти. Ал жактагы балдар-кыздар тагдырдын оор сыноолоруна кабылган, ата-энесинин каза болгонун өз көзү менен көргөндөр же түрдүү зордук-зомбулукка кабылгандар. Андыктан алардын келечегине азыртадан кам көрүү зарыл", - деп билдирди Х.Арзыкулов.
"1 окуучу - 1 демөөрчү" акциясынын алкагында буга чейин алып баруучулар Нурсултан Майназаров, Эркин Рыскулбеков демөөрчү болушканын кошумчалады.