"Сентябрь" телеканалын "Акнет" кабелдик түйүнүнөн көрсөтүү үзгүлтүккө учурады. Телеканалдан 7-февралда билдиришкендей, "Акнет" буга техникалык мүчүлүштүктөр себеп болгонун айтууда. Белгисиз себептерден улам була-оптикалык кабель үзүлүп кеткен. Азыркы учурда линияны калыбына келтирүү иштери уланып жатканы айтылды.
Телеканал жетекчилиги бул ыңгайсыздык үчүн телекөрүүчүлөрдөн кечирим сурап, интернет аркылуу сайттан телеканалдын берүүлөрүн онлайн көрүү мүмкүнчүлүгү бар экенин эскертти. Телеканалдын берүүлөрүн башка провайдерлер аркылуу көрүүгө мүмкүн.
Белгилей кетсек, "Сентябрь" телеканалы оппозициялык маанайды чагылдырууга кеңири орун берип келет.