Чүйдө Патрулдук милиция кызматкерин коркутуп, табелдик куралын тартып алгандар кармалышты

Чүйдө Патрулдук милиция кызматкерин сабап, табелдик куралын тартып алгандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 6-февраль күнү саат 23:40 чамасында Чүй облусунун Москва районунда болгон. Анда Патрулдук милиция кызматкери жол эрежесин одоно бузган айдоочуну токтоткон, бирок ал ага баш ийбей унаасын айдап кете берген. Акыры Петровка айылындагы турак үйлөрдүн бирине токтоп, унаанын ичинен жана турак үйдөн чыккан белгисиз адамдар Патрулдук милиция кызматкерин коркутуп, денесине зыян келтиришкен. Ошондой эле унаасынын номурун, табелдик куралын тартып алышкан. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, кылмышка шектүү катары 1964-жылы туулган А.Б., 1995-жылы туулган А.А., 1989-жылы туулган У.Э., 1993-жылы туулган Б.А. жана 1993-жылы туулган А.Бны кармашкан. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Keremet008
2017-02-08 08:52:24
А.Б дей берсенер мындай иштер кобое берет
+6
Adhambek
2017-02-08 09:20:59
ХХХ десе камалсын мындайлар
+2
admin_portal
2017-02-08 09:23:46
Adhambek, этика нормаларын сактаңыз!
-3
yrysbek
2017-02-08 09:38:23
Патрулдук милиция кызматкери дагы бош экен озун коргобойбу коркутса эле ме деп бере салбай, ал озун коргой албаптыр куралын алдырып, ошол эми бироону коргой алабы айткылачы? Ошондон коро бироосун атып салбайбы нары тааааарс эттирип, ошондо башкаларга улгу болот элен. Эми байкатпай келип артындан жыга чаап алып алса башка кеп
+5
omurbek1990
2017-02-08 10:19:10
yrysbek, жылуу уйдо отуруп алып суйлоп койгон баарыбыздын эле колдон келет. Аралашып иштеп коруш керекда.
+2
briliant87
2017-02-08 09:39:39
Коркутпай эле уруп алып алды десенер туура болмок экен.
+3
admin_portal
2017-02-08 09:41:34
Keremet008, yrysbek, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
-1
Nur1k
2017-02-08 10:09:54
Ушундай моментте эмне деп коёт эле? Это Кыргызстан детка дейт беле?))
0
kenjebek_a
2017-02-08 11:05:32
Кафеде арстан болушту эле го.Бул жолу куйругун кыпчып калыптыр менттер.Тошу жун бироого туура келип калган окшойт.
+5
almazbei
2017-02-08 12:16:13
kenjebek_a,туура айтасын кошулам созуно,тошу туктууго тура келип калышкан окшойт чындап?
+2
AKCHA
2017-02-08 14:36:04
"Менттердин автоитети которулуптур".
0
bastajan77
2017-02-08 16:08:53
Укук коргоо органдарынын аябай эле бедели тушуп кетти уят, корунгонду ишке ала берсе ушундай болот!дагы айтарым шумтурогон, ХХХ тыртайган милицияларды Площадка центрге чыгарбай эле койгулачы, келген конокторду кулдурбой!
0
A.Alymbek
2017-02-08 19:09:25
уят эле го, мейли погонун жулдуруп ийсин, озун чаап ийсин, пистолетин алдырып жиберет деген эмнеси.....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан