ЖЫЛНААМА, 8-ФЕВРАЛЬ: Абдышүкүр ажы Нарматов 49 жашка толду

Дин аалымы Абдышүкүр ажы Нарматов 49 жашка толду. Ал 1968-жылы 8-февралда жарык дүйнөгө келген. 1985-жылы Шураб шаарына караштуу №11-орто мектепти бүтүрүп, 1989-1993-жылдары Ташкенттеги "Имам Бухари" университетинен, 1993-2000-жылдары Египеттеги Каир шаарынын "Аль-Азхар" университетинен шарият жана фикх илимдери боюнча билим алган.
2003-2006-жылдары "Алтын муун" кайрымдуулук фондунун мүдүрү, 2000-жылдан тартып Кыргыз мамлекетиндеги Ислам университетинин ректору кызматын аркалап келген. 2016-жылы өз ыктыяры менен ректорлукту тапшырган. 2014-жылдын 4-мартынан тарта А.Нарматов Аалымдар кеңешинин төрагасы болуп иштейт. "Ислам негиздери", "Бейиш жолу", "Жашооңду өзгөрт", "Өчпөс өмүр" аттуу китептердин автору. Эне тилинде, араб, өзбек тилдеринде эркин сүйлөп, орус, түрк, фарсы тилдерин жакшы билет. 5 кыз, 2 уулдун атасы.

8-февралга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Kunbeken
2017-02-08 10:05:40
Кыргыз элдин сыймыгы оздук майрамынз кут болсун. Эч талыкпай эл учун Алла жолунда кызмат кылып, бактылуулуктун формуласын уйрото бериниз. Алла ыразы болсун сизден. СИздей такыба момун мусулман бир. туугандарыбыз коп болсун.
+13
Medina9384
2017-02-08 10:09:54
Кооп жашаныз Аллахым ыраазы болсун сизден
+9
Keremet008
2017-02-08 10:19:42
ООРУу сыркоодон кудайым оолак кылсын. Бактылуу жашоо каалайм балдарыныз мн аман болун. Биз сиз мн сыймыктанабыз жана акыл насааттарыныздан таалим тарбия алвбыз
+8
yrysbek
2017-02-08 10:26:46
Абдышүкүр ажы Нарматов 49 жашка толупсуз, жараткан Аллах Сизге даагы 49 жылдык омур берсин, денсоолук берсин!!! КУТТУКТАЙМ
+6
baltabai
2017-02-08 10:38:49
Ustas omurunuz uzun bolsun
+7
zhykyo
2017-02-08 10:50:46
Дагы 51жаш омур берсин жараткан Аллах
+6
Seiil.94
2017-02-08 10:56:07
Эр ортосу элуу жаш жузго чыгыныз
+6
Asedullah1996
2017-02-08 10:59:56
Элибизге кызмат кылып журо берениз.Кудайым колдосун
+7
AKCHA
2017-02-08 12:41:30
Мен сыйлаган нсан. Кут болсун туулган кунунуз!
+6
Seiil.94
2017-02-08 14:12:33
AKCHA,исламда туулган кун белгиленбейт беле? .
-1
Nur1k
2017-02-09 00:25:45
Кыргыз элинин сыймыгы. Сиз менен сыймыктанабыз Абдышукур ажы. Кыргыз элине туура исламды уйротуп, жеткирип жатканызга Алла ыраазы болсун. Сиздей адам мин жылда бир торолот. Коп жашаныз, оорубаныз Алла сизге да бизге да мээримин чачсын. Уй булонузго бакыт таалай каалайм. Чубак ажы экоонуз самый самыйсыздар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан