Мындан 15 жыл мурун, 2002-жылы 9-февралда "Дискотека Авария" тобунун ырчысы, рэпер Олег Жуков 28 жашында көз жумган. Ырчы 1973-жылы 11-октябрда Орусиянын Иваново шаарында жарык дүйнөгө келген. 1988-жылдан баштап Куурчак театрында иштеп, спектаклдердин каармандарынын үнүн коштогон. 1991-жылдан тарта достору Николай Тимофеев жана Алексей Рыжов түзгөн "Дискотека Авария" тобунун курамында ырдаган. Радиого жана топтун ырларына музыкалык жарнаманы көп учурда О.Рыжов аткарган. 2001-жылдын август айында ага "баш мээнин шишиги" деген диагноз коюлуп, сентябрда операция жасалган. "Дискотека Авариянын" ырчынын катышуусундагы акыркы клиби "На острие атаки" деп аталат.
9-февралга карата жылнаама.