Ноокатта жана Кадамжайда мыйзамсыз курал алып жүргөн эки адам кармалды

Тартип сакчылары тарабынан мыйзамсыз курал алып жүргөн эки адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ноокат районунун Кара-Ой айылынын тургуну айылдын четиндеги жайыттан кармалган. Анын жанынан уруксат кагаздары жок курал табылган.

"Атайын иликтөө иштеринин жүрүшүндө Кадамжай районунун З.Б. аттуу 36 жаштагы тургуну кармалган. Кармалган тургун өздүк кароого алынып, ТОЗ-8 үлгүсүндөгү курал эки огу менен табылган. Учурда табылган куралдар экспертизага жиберилген. Аталган фактынын негизинде кылмыш ишинин козголушу каралууда", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Ички иштер министрлиги мыйзамсыз курал сатуу, даярдоо, ташуу иштерин аткарса, ошондой эле куралды сактоо, оңдоо, алып жүрүү, ок-дарылардын негизги бөлүмүн жана жарылуучу заттарды колдонгондор кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
AKCHA
2017-02-09 13:42:41
ЗБ)))
+2
Nazaralikarakulja
2017-02-09 14:25:26
Жаман болуптур докментин бутуро элек болсо керек да андай докменти жок мылтык толуп жатпайбы э Кыргыздар болсо кармабагыла э кудайым ОЗУ сактасын го бирок каждый уйдо оружия болгон жакшы да эгерде Кыргызстан дын ичинде башка улут оружия которуп жургон болсо ошолорду кармап камасанар жарашат Кыргыздар дын эчкимге зыяны тийбейт наоборот пайдасы тиет чоо лорду атышат
+1
Topchu83
2017-02-09 15:38:07
Nazaralikarakulja,туура айтасын
0
meni_kut
2017-02-09 14:34:37
ЗБ
0
Topchu83
2017-02-09 15:57:17
ЗБ га жаман болуптур бирок булда бир карапайым бироо болсо керек. Креслодо отурган атка минерлер каалагандай анчылык кылып журушот аларды кармаган эч ким жок. ушуларга закон жокпу? закон ЗБга окшогон карапайым калкка гана иштейт
0
TARNADO
2017-02-09 22:28:28
ЗБ га кыйын болуптур
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан