АКШдагы Сан-Францискодо темир жолдор түйүнүндө иштеген Лян Чжао Чжан суткасына, дем алыш күндөрү да 17 сааттан иштеп жылына 230 миң доллар табат. Анын айлык акысы жылына 56 миңден ашса, 14 миңди компания сый акы катары төлөп берет. Ага жумуштан тышкары да иштегени үчүн 162 миң доллар төлөнөрүн "The Sun" басылмасы жазып чыккан.
Бирок ага каршы болгондор да бар. Алардын айтымында, Лян Чжао Чжан жумуш учурунда 54-90 мүнөткө чейин эс алууга кетип каларын камерага түшкөн видеолорду көрсөтүп айтышкан. Транспорттук компания эмгекчил кызматкерине болушуп, иш маалында анын эс алууга укугу бар экенин билдирген. Жетекчилеринин бири Лян Чжао Чжан иштегенден бери бир да жолу жумуштан баш тартпаганын айткан.
Маалыматка ылайык, ал 3 жылдан бери 680 миң доллар чогулткан.