Курулуш башкармалыгынын дачалары айылында кулаган Боинг 747 учагы менен "Евразия" камсыздандыруучу компаниясынын ортосундагы келишимге ылайык, ишкана 38 миллион доллар төлөп берүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу аталган компаниянын расмий сайтына жарыяланды.
"Аба транспортунун тобокелдиктеринен улам учак "Евразия" компаниясында камсыздандыруудан өткөн эле. Авиакырсык келишимде жазылган себептерден келип чыкса, компания тез арада камсыздандыруу төлөмүн төлөп берет. Компанияга камсыздандыруу төлөмү боюнча маалымат келип түштү", - деп жазылат маалыматта.
Белгилүү болгондой, азыркы тапта келишимге ылайык канча суммадагы каражат төлөнөрү эсептелип жатат. Алдын ала эсептөөлөргө таянып компания 38 миллион доллар төлөп берерин билдирди.