Бишкекте жазуучу Мукай Элебаевдин 110 жылдыгына карата китеп көргөзмөсү ачылды

Бүгүн, 10-февралда Бишкектеги Улуттук китепканада көрүнүктүү акын, прозаик, котормочу жана жазуучу Мукай Элебаевдин 110 жылдыгына карата "Өз доорунун жарчысы, туңгуч романист" аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү ачылып, эскерүү кечеси өткөрүлдү. Ага жазуучунун жакындары, коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, жогорку окуу жайдын студенттери катышышты.

Анда Мукай Элебаев кыргыздын таланттуу уулу экени, орус элинин белгилүү жазуучуларынын классикалык чыгармаларын кыргыз тилине которуп, 1930-жылдары кыргыз котормо адабиятынын өнүгүшүнө салым кошкону айтылды.

Көргөзмөдө жазуучу жөнүндөгү маалыматтар, көптөгөн китептер, акын тууралуу жазылган гезит-журналдар орун алган.

Айта кетсек, Мукай Элебаев Түп районуна караштуу Чоң-Таш айылында туулган. Ата-энесинен эрте айрылып, жетим өскөн. 1916-жылы Үркүндө Кытайга качып, 1917-жылы кайтып келет. Ошол жылдардагы саясий өзгөрүүлөргө чейинки карапайым кыргыз элинин турмушун автобиографиялык мазмундагы "Узак жол" аттуу романында баяндаган. Жазуучунун өмүр баянын бул жерден окусаңыз болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан