Бишкек шаарында салттуу ушу боюнча чемпиондук өтүп, Кыргыз Республикасынын чемпиондугуна катыша турган мыкты спортчулар аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн Салттуу ушу федерациясы бүгүн, 13-февралда билдирди.
Маалыматка ылайык, мындан сырткары Москвада өтүүчү "Ушунун москвалык жылдыздары - 2017" III Эл аралык турнирине жана дагы башка турнирлерге катыша турган курама команда түзүлгөн.
Турнирге 7 жаштан өйдө 150дөн ашуун спортчу катышкан. Салттуу ушунун көптөгөн түрлөрү жана багыттары бар. Ал эми бул турнирде "түшкү муштум", "узун муштум", "улуу чектин муштуму", сунси стили жана башкалар боюнча программалар көрсөтүлгөн.
Чемпиондуктун жеңүүчүлөрү болуп Султан Эсенаманов, Диаз Алишеров, Дарья Порох, Абдулмажид Абдурахманов, Жанболот Козубеков, Адиль Мусаев, Дарья Соловьева, Валерия Шульжик, Атай Турдукеев, Айсезим Бектеналыева, Амир Мажитов, Алия Самудинова, Нурдан Асылбеков, Бакай Орозалиев, Актан Айтмамбетов, Салима Айтмамбетова, Мария Савкова, Нургуль Алишерова, Рашид Маджун, Сезим Мирлан кызы, Юлия Герасименко аныкталышты.