Мамлекет башчы иш сапары менен Бельгияга барат

Президент Алмазбек Атамбаев 15-17-февраль күндөрү иш сапары менен Бельгияга барат. Бул тууралуу президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары Сапар Исаков билдирди.

КРнын президенти баш болгон Кыргыз делегациясы каржылоо боюнча эки макулдашууга кол коёт. Укук үстөмдүүлүгү программасы боюнча 30 миллион евро, Кыргыз Республикасынын айыл аймактарын комплекстүү өнүктүрүү программасына 70 миллион евро бөлүү боюнча макулдашууларга кол коюлат.

Белгилүү болгондой, мамлекет башчы Евробиримдиктин лидерлери жана жетекчилери менен бир катар расмий жолугушууларды өткөрөт. Мындан сырткары Алмазбек Атамбаев коопсуздук маселеси талкууланган Мюнхен конференциясынын пленардык жыйынына катышат. Ошондой эле Германиянын канцлери Ангела Меркель менен жолугушат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан