Бүгүн, 14-февралда жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Жогорку Кеңештин алдына митингге чыкты. Ал колуна "200 сомдук банкнот оңдолсун!", "Алыкулду кемсинтүүгө эч кимдин акысы жок" деген жазууларды көтөрүп алган.
"Жакында 200 сомдук банкнота чыгып, Алыкул Осмоновдун жакшынакай көзү кыйшык болуп калыптыр. Акындын талантын баалаган адам катары акция уюштурууну туура көрдүм. Бул көрүнүштү Алыкул Осмоновду сыйлабагындык катары баалайм. Бул маселе боюнча мага чейин деле социалдык түйүндөрдө көп талкууланды. Тилекке каршы эч кандай реакция болгон жок. Мамлекет башчысы, өкмөт башчысы эмне үчүн ушундай олутту маселеге салкын мамиле кылып жатат?" - деди ал.
Ал туура эмес чыгарылган акча бирдиги тез арада кайтарылып алынышын талап кылды. "Ошондой эле шалаакылыкка жол берген улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов отставкага кетсин деп талап кылам", - дейт жарандык активист.
Өндүрүш Токтонасыровду паспорту жок болгону үчүн милиция кызматкерлери Биринчи Май РИИБине алып кетишти.