Шоу-бизнес өкүлдөрү Сүйүү күнүн кантип белгилешет?

Сүйүшкөндөр күнү тууралуу көптөгөн ойлор айтылууда. Бири бул майрам биздин менталитетке туура келбесин айтса, бири жылына бир жолу келген кубанычтуу майрамды тосуу жагымдуу экенин айтышат.

Бул майрамды кубануу менен тоскондордун арасында ырчы Айгерим Расул кызы бар. Анын айтымында, жолдошу жыл сайын бул күнү сөзсүз түрдө гүл берет.

"Жолдошум экөөбүз майрам болбогон күнү деле майрамдап коёбуз. Бүгүн өзүбүз эле бир жакка барып белгилеп келели деп жатабыз. Салт болуп калды окшойт дайыма ушул күнү жолдошум үйдүн ичин розалардын желекчелери менен кооздойт. Жыл сайын эле бири-бирибизге белек беребиз. Ал мага сөзсүз түрдө гүл, ага кошумчалап зер буюмдардан, атырлардан берет.

Сүйүшкөндөрдүн бир эле ушул майрамы бар экен, андыктан майрамдайбыз. "Мындай майрам мусалмандарда жок" дешет, бирок азыр эшикке чыксаң, мырзалар кыздарына гүл, оюнчук берип, жетелешип жүрүшкөн болушат. Демек, баары бул майрамга маани берет. Жаңы жыл майрамы деле дин боюнча жок, бирок майрамдап эле жүрөбүз", - деди Айгерим Расул кызы.

"Сүйүшкөндөрдү майрамы менен куттуктайм! Өзүлөрүнүн бактысын табышсын. Көп байкайм, досторум "14-февралды жалгыз тосомбу?" деп, көпчүлүк кыздар ушул күнү "түгөйүм болсо экен" деп тиленишет... Анын сыңарындай, бардык адам өз түгөйүн таап, бактылуу болушсун", - деген тилегин айтып өттү.

Ал эми "тамашоучу" Самат Эркинбек уулу бул майрамды кадимки күндөй эле кабыл аларын айтып, бүгүн "Моника Белуччи" командасынын концертине барарын кошумчалады:

"Келинчегим менен сүйлөшүп жүргөндө эле белгилечү эмеспиз. Бирок бүгүн эми гүл берет окшойм (күлүп). Жылда эле жөнөкөй күн катары өткөрүп коёбуз. Көбүнчө келинчегиме туулган күнүндө, 8-мартта белек берем", - деди Самат Эркинбек уулу.

"Сүйүшкөндөргө кааларым, үйлөнө электер үйлөнүшсүн, бактылуу болушсун. Эң негизгиси, сүйүү көп болсун", - деген каалоо-тилектерин айтып өттү "тамашоучу".

Ал эми "Сүйүшкөндөр күнүнө" каршы болгондордун бири "тамашоучу" Актан Рыскелдиев бул майрамды билер замат ага каршы чыкканын айтат.

"Биз бүгүн майрамдаган жокпуз, кечээ эле майрамдап койгонбуз. Себеби келинчегим экөөбүз нике күбөлүгүбүздү атайын 13-февралда алып, өзүбүздүн майрамыбыз деп белгилегенбиз. "Сүйүшкөндөр күнүн" белгилөө туура эмес. Биринчиден, бул шариатка туура келбейт. Экинчиден, сүйүү бир эле күн менен чектелип калбайт. Мисалы, мен келинчегиме күндө сүйөрүмдү айтам. Анан бир күндө айтып, ресторанга алып барып койсом "рисовка" болуп калат го. Биз үчүн ар бир күн майрам. Экөөбүз сүйлөшүп жүргөндө эле бул күндү белгилебейбиз деп айткам, ал туура түшүнгөн, таарынбайт", - деди "тамашоучу".

Ошондой эле Актан Рыскелдиев жубайына күндө "сюрприз" кылууга аракет кыларын, кечээки майрамына Сочиден атайын белек ала келип бергенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (40)
Nurdan1112
2017-02-14 22:43:10
Суйуу баркын ким билер,Суйууго жанган дил билер.Бир кунго суйуу бааланбайт,Билсенер боло ХХХ
+2
admin_portal
2017-02-15 09:44:19
Nurdan1112, этика нормаларын сактаңыз!
0
zafar.kgz92
2017-02-14 22:56:22
Негизи суйуу сезими ыйык сезимдерге кирет бирок динде озунун майрамдары даана Жана так корсотулгон ошон учун суйушкондор бул майрамды тоспосода бири бирин суйбой калбай себеби алар бири бирине кундо суйуусун билип турганы бул майрам!
-1
mederova_p
2017-02-14 23:16:07
Албетте ар бир кунубуз ОЗУ майрам дегилечи бирок бул куну келинчегинизге же суйлошкон кызынызга боло албай жургон убактынызды болуп жакшы гул анан ресторанда тамактанып койсонор мунун эмнеси жаман?!
0
Doni99
2017-02-14 23:34:40
mederova_p, emnege bir ele ushul kungo bailanyP kalyw kk
0
Bella1
2017-02-15 00:37:15
Чындыгында бул майрам мусулмандарда майрам болуп эсептелинбейт экен.А бирок ар кимдин жашоого болгон көз карашы ар башка дегендей.Мен ойлойм сүйүшкөндөр бир күн эле эмес ар дайым сүйүшүп сүйүүлөрүн арнап жүрө беришсе.))
0
nurizaa
2017-02-15 00:39:59
Биз куйом экообуз учун суйуу майрамы кундо десем жанылышпайм))) анткени кундо жакшы короорун мага айтып жасаган иши кылган мамилеси менен билдирип турат))) Баардык кыздар бактылуу болушун жана суйуу майрамы кундо болушун каалайт элем! А 14- февральды ким каалагандай кабыл алсын ыйман деген нерсе оозубузда эмес журогубуздо болсун!
0
33SUUN
2017-02-15 04:40:29
Ха ха ха менин балам мына доктор Айболотко деп гулдурот, Доорон аты очуп Айболот Айболит атка конуптурда
0
oljazbek
2017-02-15 05:52:55
Азаматсың Актан!
0
admin_portal
2017-02-15 09:36:59
tumann., порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
admin_portal
2017-02-15 09:38:26
Uson13, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү калтыруудан алыс болуӊуз. Эскертүү!
0
admin_portal
2017-02-15 09:40:32
Ican87, провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат. Эскертүү!
+1
admin_portal
2017-02-15 09:43:11
Manas230595, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү калтыруудан алыс болуӊуз. Эскертүү!
0
admin_portal
2017-02-15 09:45:49
mi-li-na,
1. Кимдир-бирөөнүн кадыр баркына шек келтирген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
2. Эскертүү сызыгыңыз толгондугуна байланыштуу Сизге түбөлүк БАН!
0
admin_portal
2017-02-15 09:48:19
oljazbek, этика нормаларына туура келбеген сөздөрдү жазуудан алыс болуӊуз. Оозеки эскертүү!
0
admin_portal
2017-02-15 09:52:51
Uson13, 5 күнгө БАН!
Администраторго же модераторго суроо же талабыңызды электрондук почта аркылуу жөнөтсөңүз же "Арыз жана сунуш" бөлүмүнө жазсаңыз болот.
0
Aku.02
2017-02-15 16:33:39
Биздин майрамыбыз Рамазан айы туугандар,мусулман болгондон кийин ушул 14-февральды майрамдашбай эле койсо.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан