ЖЫЛНААМА, 14-ФЕВРАЛЬ: 35 жашка толгон Өктөм Сапар уулу "Туулган күнүмө "Досторго" аттуу ырымдын клибин белекке алдым" дейт

Бүгүн, 14-февралда ырчы, аранжировкачы Өктөм Сапар уулу 35 жашка толду. Аны куттуктап байланышка чыксак, ыраазычылыгын билдирип, учурда өздүк майрамын белгилөөгө даярдык көрүп жатканын айтты.

"Жыл сайын туулган күнүмдө апам экөөбүз бири-бирибизди куттуктайбыз. Кечээ "Досторго" аттуу ырымдын клибин тартып бүтүргөнбүз. Адатта бир клипти монтаждап бүтүрүү үчүн бир жумадан ашык убакыт кетет. Ал эми клипмейкер иним Бейпил Маманов ырымдын клибин бүгүнкү күнгө, туулган күнүмө белек кылып бүтүрүп коюптур. Жагымдуу сюрприз болду. Өздүк майрамымды бүгүн кечинде досторум менен кафелердин биринде белгилейм", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Өктөм Сапар уулу 1982-жылы 14-февралда Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы Кара-Дөбө айылында жарык дүйнөгө келген. "Жолдор башка", "Тазасы барбы", "Шербетим" деген ырларды аткарып, күйөрмандарын топтогон.

14-февралга карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Muzik
2017-02-15 03:16:29
Омурлуу болунуз,куттуктайм!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан