ЖЫЛНААМА, 14-ФЕВРАЛЬ: 81 жыл мурун легендарлуу ырчы Анна Герман төрөлгөн

Мындан 81 жыл мурун, 1936-жылы 14-февралда легендага айланган, дүйнөнү кайталангыс назик, ошол эле учурда күчтүү үнү менен багындырган ырчы Анна Герман Өзбекстандын Үргөнч шаарында жарыкка келген. Атасы Ойген Герман менен апасы Ирма Мартенс көп кыйынчылыктарды башынан өткөрүшкөн. Анна жаңыдан басып калганда эсепчи кызматын аркалаган атасы 1937-жылдагы репрессияга кабылып, алгач сүргүнгө айдалып, кийин атылып кеткен. Апасы карыган энеси, Анна, жаңы төрөлгөн уулу Фредерик менен калган. Жер которууну туура көргөн ал Кыргыз мамлекетине келип, Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районундагы Орловка айылына отурукташкан. Анна 1943-жылы аталган айылдагы орто мектептин босогосун аттаган. Апасы поляк офицери Герман Бернер менен таанышып, чогуу жашап калышкан. Бернер Ирманын кыйналганын, бийликтен корунганын көрүп Польшага кетүүсүн суранган. Ирманын улуту немис экени билинип калса, үй-бүлө толугу менен жок болмок. Андыктан алар улутун жашырып, полякпыз деп келишкен. Бернер согушка аттанып, ошону менен дайынсыз кеткен. Катаал күндөрдүн биринде Аннанын иниси Фредерик чарчап калган. Согуш бүткөндөн кийин Аннанын үй-бүлөсү Польшага көчүп кеткен. Студент кезинде Анна Збигнев Тухольский атуу физик менен таанышып, экөө бир уулдуу болушкан.

А.Герман Польшада окуусун аяктаган соң сүрөтчү болуу тууралуу оюн ортого салган. Апасы "Сен келечектеги энесиң, сүрөтчүлүк менен балдарыңды бага аласыңбы?" деп каршы чыккан.
Геология факультетинде окуган Аннанын максаты түп-тамыры менен курбусунун үлпөт тоюнда өзгөргөн. Анын жакшы ырдаарын билген курбусу тойдо ырдап берүүсүн суранган. Өзгөчө авазы элдин назарына түшөт. Ошондон тарта болочок ырчы студенттердин "Каламбур" театрында иштеп, репетицияларга лекциядан качып бара баштайт. Көп өтпөй алгачкы тушоо кесүү концертин берген. 1972-жылдан тарта ырчы гастролго чыга баштап, "Үмүт" ("Надежда"), "Бакча гүлдөгөн маалда" ("Когда цвели сады"), "Сүйүү жаңырыгы" ("Эхо любви"), "Күйүп-жан, менин жылдызым" ("Гори, гори, моя звезда") жана башка орус тилиндеги ырларды Польшада жашап, СССРге келип ырдап жүрүп бүткүл Советтер Союзунда атактуулукка жеткен. 1982-жылы 26-августта 46 жашында рак илдетинен улам көз жумган.

14-февралга карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Komrad
2017-02-15 07:38:45
кечээ гана киносун кордум эле, ото кайгылуу, оор тагдырды башынан откорушуптур. Анна Герман озгочо ырчы болгог, киносун дагы озгочо чебердик менен тартышыптыр. Анын ыры, омур жолу туз эле адамдын журогуног орун алат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан