СУПЕРСТАН: "Мен "ак куум, аппагым, жүрөгүм" деп эркелетем, ал мени "жаным" десе эле бүттү, эрип кетем"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Бири-бириңерди кантип эркелетесиңер?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Мени көбүнчө "мамалак, былтышкам" деп эркелетет, анан кээде эле "торпогум" деп жинге тийип калат".

"Эч кимди, эч кандай деп эркелетпейм жана мени эч ким, эч нерсе деп эркелетпейт".

"Мен ар түрдүү эркелетчүмүн, "помпогум", "ак аюум", күчүгүм" деп. Бирок азыр эркелеткенге эч ким жок".

"Мен "ак куум, аппагым, жүрөгүм" деп эркелетем, ал мени "жаным" десе эле бүттү, эрип кетем".

"Мага "жарыгым" дегени жагат".

"Мени "торопой, торопойчик, торопоюм, торопошкам, фунтик, фунтикоо" деп эркелетет. Акыркы күндөрү арыктап кеткенге, "менин торопоюм качан чочко болот?" деп жүрөт".

"Бултушкам менин" деп эркелетчүмүн, азыр башкасын "эркем менин" деп эркелетем, кээде "сасыгым" деп коём".

"Жаным, жан, торпок, сүйгөнүм", ар дайым ушул эле сөздөр 9 жылдан бери. Же ал башка сөз таппады эркелетүүгө, же мен таппадым. Наргиз атым унутулуп, жан болуп калган".

"Мышыгым, былтыгым, пумпуськам, кара көздүүм,аппагым, шириним" деп көп айтат экен".

"Ийнелигим" деп эркелетем, бечара арык да аябай".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
AKCHA
2017-02-15 11:02:07
Жанускам деп эркелетет, мен маймылып деп эркелетем )))
+1
Keremet008
2017-02-15 12:25:55
Ииии эркектер да ээрип бизге окшоп эргуу алат экен да э? А мен мурун бир жигитиме аябай конгон экем а эмнегедир ал мени гозу десе эч жаккан эмес дебе дейт элем. Ан ал мени сасык, божогум десе кайф алчумун. Бирок ал жигитимми негедир кайсарым кайсар дечумун. а азыр куйом гозу дейт куйом айтканы аябай жагат. Бирок куйому эч ошентип кайсар же жаным деп да койбойм айтайын дейм тегеое оозума келбейт. Менден кээде умут кылса керек аа?
0
Namystan
2017-02-15 13:05:40
Keremet008, эмнеге эле жинге тийин аягына "аа"дей бересинер??? ээ десе болбойбу
+4
Keremet008
2017-02-15 19:52:23
Namystan,ар ким ар кандай айтат ээби аабы ар кимдин оз иши. Же сенен сурап анан жазыш керекпи а?!
-2
Nur1k
2017-02-15 12:33:56
Мен "лолу" деп эркелетем))
+3
arzygulR
2017-02-15 17:29:06
Nur1k,))
+1
1Adilet1
2017-02-15 13:03:59
Мен * жөжө* жөж эркелетем.. мени *бомж* дейт
+1
nursultanbek
2017-02-15 14:48:04
1Adilet1,бомжга окшошсунда анда))
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан