Бектеналы Дүйшөбаев Талас облусунун Манас районунун акими болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгонун 14-февралда өкмөттөн кабарлашты. Өкмөт жетекчисинин башка буйруктары менен Эркинбек Маматаев Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун акими, Давранбек Маматалиев Ош облусунун Ноокат районунун акими болуп дайындалды.