Жогорку Кеңештин комитети жеке менчик мектептерди салыктан бошотуу демилгесин колдоду

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитети 14-февралда жеке менчик мектептерди салыктан бошотууга багытталган мыйзам долбоорун 2-окууда жактырды.

Демилгечилердин бири Эльвира Сурабалдиева 5-чакырылыштагы парламент депутаттары да жеке менчик бала бакчаларды салыктан бошотуу боюнча мыйзам кабыл алганын эскертип: "Бул демилге жемишин берип жатат. Тагыраагы, салыктан бошотуунун натыйжасында жеке менчик бала бакчалардын саны өсүүдө. Андыктан жеке менчик мектептерди да салыктан бошотуу менен, билим берүү мекемелеринин санын эле эмес, сапатын да көтөрө алабыз", - деди. Депутат өлкөдө мындан эки жыл мурун 27 жеке менчик бала бакча болсо, учурда 297 жеке менчик бала бакча иштеп жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан