Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Үңкүр айылында 6-класстын окуучусу асынып алды. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда SUPER.KG порталына Базар-Коргон районунун акими Таалайбек Долдоев билдирди.
"Бизге окуучунун асынып каза болгону боюнча түштөн кийин маалымат түштү. Тез аранын ичинде иликтөө, тактоо иштерин жүргүзүүнү баштадык. Өз өмүрүн кыйган окуучу 6-класста үлгүлүү, жакшы окуган окуучу деп жатышат. Ата-энеси да жетишээрлик турмушта жашаган үй-бүлө болчу. Буга чейин окуучу эки ирет өз өмүрүн кыюуга аракет кылганы аныкталды. Бирок ал учурда аны жакындары сактап калышкан", - деп билдирди район акими.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 14-февралда түштөн кийин болгон. Окуучу мындай кадамга мектептен келгенден кийин барган. Бул учурда ата-энеси үйүндө болушкан.
"Окуучуга мектептен мугалимдер тарабынан кысым болгон эмес. Буга чейин баланын кошунасы да асынып алуу менен каза болгон. Бул окуяны өспүрүм бала уккан. Ошондон улам анын жасаганын кайталаган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө", - деп кошумчалады Долдоев.