Каныбек Иманалиев: "Өкмөттү отставкага кетирүү боюнча башка фракциялар менен сүйлөшүү жүрүп жатат"

“Ата Мекен” фракциясы өкмөттү отставкага кетирүү боюнча башка фракциялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда SUPER.KG порталына аталган фракциянын депутаты Каныбек Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, Кыргыз мамлекетинин ЕАЭБге киргенде өкмөт татыктуу иш алып бара алган жок.

“ЕАЭБге киргенден кийин өлкөнүн экономикалык көрсөткүчү төмөндөп кеткен. Ички дүң продукция 360 миллион долларга, экспорт 100 миллион долларга төмөн түшкөн. Ошондой эле жумушчу орундар кыскарып жатат. Биримдикке кошулуунун алдында фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөлдөө боюнча лаботория курулуш керек болчу. Мына ушул күнгө чейин курулган жок. Биз өкмөттөн сурасак “эмки жылы курушубуз мүмкүн” деп жооп берди”, - деди Каныбек Иманалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан