Алмазбек Атамбаев Бельгияга барды, бүгүн жолугушуулар болот

Президент Алмазбек Атамбаев 15-февралда иш сапары менен Бельгияга барды.

Мамлекет башчы Бельгиянын падышасы Филипп, Европа биримдигинин төрагасы Дональд Туск, Европалык комиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер жана Европа биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча өкүлү Фредерик Могерини менен жолугушууларды өткөрөт.

Кыргыз Республикасы менен Европа биримдиги ортосунда эки тараптуу документтерге кол коюлары күтүлүүдө.

Президент иш сапары менен Германияга да барып, Мюнхен шаарында коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясына катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан